www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Райымбек Матра” жарнамасын баштап бергенден кийин аттуу-баштуу саясатчылар жылуу-жумшак диванда жатып алып, айрым этексиздери колдонуп жатканын айтпаса дагы түшүнүктүү болуп жатат. Көпчүлүк ички саясат менен тышкы саясатты толугу менен түшүнбөсө дагы “сайылып” чыгып, саясатка аралашып, өлкөгө сарсанаа болгондой түр көрсөтүп, “жашыл, кара, сыя” түстөргө дагы саресеп салгандар жок эмес.

Кызыгы, батышчыл өлкөнүн акчасына суугарылып, калп эле ураан чакырып “дыкдың-дыгыдыштар” өз кызыкчылыгына пайдаланып митинг дагы өткөрүп жиберишти. Алгач, “митингде Кыргызстан боюнча жемкорлордун аты аталат, аянтка келгиле!”-, дегендердин арасынан бир кыргызга таанымал аттуу-баштуу инсандардын кашын эмес, башын да  көргөн жокпуз.

Тилекке каршы, митингге чыккандар Райымбек Матраимовдун сүрөтүн чыгарып алып, эки ооз сөздү бириктирип сүйлөй албай, “камалсындан” башка кадырлуу сөз айта алган жок. Анысы го мейли, митинг бүткөндөн кийин келген топ, резалюция кабыл алып, бийликке талабын бериши керек эле, андай митингдин эрежесин так ошол учурда сүрөттү мемиреп карап турган ИТТЕН башка эч ким ойлогон жок! Андай жогорку жактан билим алган элиталарга караганда мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев миң эсе митингди жогору өткөрмөк!

Тилекке каршы, бул митинг кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын көздөгөн, Райымбек Матраимовго гана арналып калды. Эреже боюнча митинг тамганын ирети менен айтканда, Атамбаевден башталып, Бабановго барып такалып, Жер үйдөгү алтын тууралуу, Бажыда иштеп турганда кызылдай акчалар Матраимовдун эмес, Кулматовдун кудугуна түшкөнү тууралуу айтылышы керек эле. Жок! Эч нерсе айтылбай, батышчыл өлкөнүн “кулдары” ичкен кудуктарына түкүрүштү.

 

Иликтөөнүн артында көп сыр жатат. Анткени, экинчи иликтөө Саймаити өлгөнгө чейин эмнеге чыккан жок деген маселе бар. Саймаити маегинде акчаларды Кыргызстандыкы эмес, Өзбекстандыкы деп айтып турса дагы “Райым эле Райым” деп ач кыйкырык салгандарга таң каласаң. Ал тургай аттуу баштуу инсандар ЖК депутаты Исхак Масалиев: "Капа болбогула, журналисттер, (ред. «Азаттыктын» журналисттерине кайрылып атат) силер өз кезегинде тишиңерди коммунисттерге курчуткансыңар. «Азаттык», «Демократия» – деген ураан менен коммунисттерди жамандап, демократияны алып келгенге чоң салым кошконсуңар. Азыр жыргап жашап атабыз, силер да жыргап атасыңар. Бирок, силер көз каранды болуп калгансыңар. Анткени, мурдагы президент силер менен жакшынакай достук мамилени түзгөн. Ага көз каранды болгондой мамилеңер бүгүнкү күнгө чейин сакталып турат, бул көрүнуп эле турат. Алмазбек Атамбаев болобу же Раим Матраимов болобу эч кимдин аттарын атабастан, мындай-тигиндей маселе бар десеңер, калыстык сактаган болмоксуңар, силер. Мен иликтөөгө 90% кошулам. Бирок, тактаган нерсенин жыйынтыгы башка болуп атат да. Өзбекстандан келген акча деп өзүңөр айтып атасыңар. Ошол эле учурда 700 млн. АКШ доллары Кыргызстандан чыкты деп атасыңар. Ал биздин акча эмес да!"-,  деди.

 

Ал тургай, саясаттын алдыңкы катмарында турган Азимбек Бекназаров иликтөө тууралуу айтып, Райымбек Матраимовду ал болгону "марионетка", "пешка" деп мыйыгынан күлдү.

 

Кызыгы, арадан көп өтпөй мурдагы депутат Ширин Айтматова Райымбек Матраимовго арнаган «ролигин» кайра жасап чыкты. Аталган кыска тасмага назар салсак, Ширин Айтматованын акылы эмес, кандайдыр бир өлкөдө тынч болушун каалабаган ашказаны чоң, ичине ит өлүп калган, сасык саясатчынын иши. Ширин Айтматованын андай нерсеге акылы да жетпейт. Эгерде Ширин Айтматова акылдуу болсо депутат болуп жүргөндө Атамбаев кызматта турганда, туура эмес жактарын айтып жарк этип жарылып чыгып сүйлөгөндө «Ой, Ширин-кыйын кыз, даамдуу кыз, депутат болуп жүргөндө залды жарган эле» деп ага кошулуп чыкмакпыз.

Тилекке каршы болуп өткөн окуялар жана боло турган окуялардын бир эле максаты-Матраимовду шылтоо кылып, КР Президенти Сооронбай Жээнбековду бийликтен алып түшүп, 3-төңкөрүш кылуу гана болуп калды.

Айтматова анчалык Джанна Д Арк экен, «кендин запасы боюнча СССРдин аймагында үчүнчү орунда турган 716 тонна алтын запасы бар Кумтөрдү элдин пайдасына кетпей жатат!»-, деп эмнеге маселе көтөрбөйт? Айтматова анчалык кыйын экен кыргыз алтынын менчиктеп алган дүйнөлүк аферист Борис Бирштейн жөнүндө «ыйлап» айтып:

«Ооо, айланайын кыргыз элим, 1992-жылы бир тууган агам Санжар Айтматов «Сиабеко» фирмасынын башчысы Борис Бирштейин мырзаны президент Аскар Акаевге тааныштырган. Ошентип, кошуна өлкөлөрдүн бир дагы президенттери жанына жолотпогон эл аралык деңгээлдеги аферист Б.Бирштейин мырза менин бир тууган агамдын көмөгү менен А.Акаевдин мамлекеттик кеңешчиси деген даражага ээ болуп, Ак үйдун 7-кабатынан кабинет берилген. Кийин, аферист Бирштейн Кыргызстандын 1801 кг алтынын эч кандай бажы-мажысы жок самолет менен өлкөдөн алып чыгып кеткен. Ошондогу өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кеткен кыргыз алтынына менин бир тууган агам Санжар Айтматовдун салымы өтө чоң болгон. Тилекке каршы, Аскар Акаев эл энчи болгон алтынга карата жеке кызыкчылыгы болгондон улам, Б.Бирштейин, Санжар Айтматов жана башка тийиштүү адамдарга чара көрүүнүн ордуна тоодой балээден унчукпай кутулуп кеткен», деп айтып чыкса гана, атаганат!

Ошол азыр акылдуу, элге күйүмүш болгон Ширин Айтматованын бир тууган агасы Кыргызстанга алып келген Бирштейин эл аралык аферист болгон. Балким «көңүлү пахтадай» Аскар Акаев Чыңгыз Айтматовдун сөзүн эки кылбаган чыгар. Анткени, А.Масалиев, А.Жумагулов жана Ж.Аманбаевдер президенттикке талапкерлигин коюп өтпөй калганда, Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен Москвада СССР Жогорку Советинин депутаты болуп иштеп жүргөн Аскар Акаевди түн ичинде чакырып келишип, эртеси президенттикке шайлашпады беле? Аскар Акаевдин президент болушуна биздин атабыз Чыңгыз Айтматовдун салымы чоң болгон.

Ошондуктан, Чыңгыз Айтматов менен Санжар Айтматовдун сунушунан улам «көңүлчөк» Аскар Акаев эч нерсени иликтебей, тактабастан туруп «Сиабеконун» аферист башчысы Борис Бирштейинди алып келсе ошого макул болгондур. Ал эми ошол кездеги премьер-министр, кыргыздын чыгаан уулу-Насирдин Исанов Кумтөргө каршы чыккан. Исанов көп өтпөй, капыстан эле кимдир бирөөнүн буйругу менен мүрт кеткени эл арасында айтылып жүрөт…

Ширин Айтматова кыргызга күйгөн кыйын кыз болсо, так ушуларды изилдеп айтып чыксын…Эгерде Ширин айым, анчалык эсепти так билип, Дубайдан бери байлардын байлыгын изилдеп жатса, Бажаевдин башын катырган Өмүрбек Бабановдон баштап, төлөбөй жаткан млрддаган салыктарын айтып, жең ичинен сатылган Жер үй алтын кенине сайылсын. Анчалык Айтматова кыйын экен, Атамбаевдин убагында кыргыздын кыраан жигиттери четинен камалып жатканда эмнеге үн катпады?

Кумтөрдөгү уулуу заттардын эсебин айтып, ак жеринен темир торго түшүп, баласын бир көргөнгө зар болгон Садыр Жапаровдун атасы, апасы, уулу каза тапканда бир жолу Ширин Айтматова диванда жаткан жеринен бийликке кайрылуу жазып койсо анда ыраазы болуп коймокпуз.

Садыр Жапаровго мейли дейли, Ата-Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бир аферисттин «чулуң» эткен коңгуроосунан улам камакка алынганда «ой, мени ушул киши депутат кылды эле» деп, жеген тузуна түкүрбөй келип аянтта бир күн митингге чыгып «Атамбаев, эсиңе кел» деп кыйкырып койсо кеп башкада болмок.

Андан кийин өлкөдө "өлүмүш" эмес, өкүрүп чыга турган маселе толтура болду, бир жолу жарк этип чыга албаган Ширин Айтматова «чээнден» эми чыктыбы?

Урматтуу Ширин айым, Сиздин кадамдарыңыз жемкорлук боюнча Райымбек Матраимовго гана асылып бир тараптуу болуп турганы өтө таң калычтуу, же башка жемкорлор «тыгылып» жатканын көрбөй турасызбы?

Сиз каны жана гени, жатыны таза үй-бүлөдө туулган айымсыз, «эл катары» деген эптеп айтылган сөздөр Сизден алыс болуш керек, эл жети өлчөп бир кессе, сиз 70 жолу ойлонуп бир кесе турган инсансыз.

Андыктан, чын эле жемкорлорго «командаңыз» менен күйүп жатсаңыз баарына бирдей караңыз, кытайлык уйгур Саймаити «акчалар Өзбекстандан чыгарылган» деп өзү айтып жатса да кур дүрмөттү алып чыгып, уралай берген Сизге жарашпайт.

Анчалык «аналитик» болуп эл үчүн күйсөңүз, жогоруда айтып кеткен иликтөөнү Кумтөрдөн баштаңыз. Бир тууган агаңызды үйүңүзгө чакырып, «Санжар ага, эмнеге эл аралык аферистти чакырып Акаевге тааныштырып, анан 1801 кг алтынды Бирштейин экөөң каякка алып кеткенсиздер?»-, деген суроого жооп алып, алтындын акчасын эсептеп коомчулукка айтып коюңузчу.

Анчалык, «чукугуч», изилдегич экенсиз камакта жаткан патриот агабыз - Садыр Жапаров «эл-журт, чет өлкөгө мынча тонна алтын чыгып кетти!», деп Жогорку Кеңеште ыйлаган, ошону изилдеңиз...

2010-жылдан кийин Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү Америкадан вилла сатып алган, ошону изилдеп анан Ош окуясына токтолуңуз... Ушулардын баарын ачыктап чыгып чыныгы күнөөлүүлөрдү таап, жазып чыксаңыз, «Ширин! Ширин! Ширин!»-, деп, бүтүндөй кыргыз эли сизди алаканына салып, туу көтөрөт.

Азыркы Сиздин Райымбек Матраимов тууралуу айткандарыңызды жана жазгандарыңызды изилдөө катары көрбөй эле Райымбек Матраимовго «ашык» болгон адамдай, кадамды көрүп турамын. Ошондой эле Саймаити тууралуу кеңири билгиңиз келсе төмөнкү шилтемеге кирип окуп коюңуз https://www.nazarnews.kg/news/43288 анан, социалдык тармактагы жазылган шилтемелерди өчүрбөсөңүз. Чындык ошондой ачуу болот!

Баса, социалдык тармактарда ачуу чындыкты уккусу келбегендер Райымбек Матраимовду жактагандарды "күчүктөр" деп атады...Сынды туура кабыл алыш керек...Так ошол Матраимовду жактаган "күчүктөрүнүн" бири берген суроолорго жооп бересиз деген ойдомун. Ширин айым, сизден жогорудагы айтылган маанилүү маселени көтөрүп чыгасыз деген ҮМҮТүм зор. Мен Сизден ҮМҮТтөнөм, сиз баарын ачыкка чыгарасыз. Ошондо гана Сизди терең урматтайбыз!

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости