www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бала оорусу тууралуу өзү белги берет

Кичинекей бала кайсы жери ооруп жатканын айта албайт. Балага жардам берүү үчүн аны эмне тынчсыздандырып жатканын өзүңүз баамдап билүүгө тийишсиз. Ал үчүн бала берген белгилерге жакшылап маани бериңиз.

БУТУН КӨТӨРҮП ЫЙЛАСА

Курсагы ток, алды кургак болсо да, бала тынчсызданып тынымсыз ыйлай берет. Ыйлаганда бутун көтөрүп ичине жакындатууга аракет кылат. Бул эмненин белгиси? Бул, албетте, ич көбүүнүн белгиси. Ич көбүү адатта 2-3 жумалык куракта башталып, 3 айга чейин боло берүүчү көрүнүш. Анын себеби - эмчек эмизген эненин туура эмес тамактарды жеп алышы. Мисалы, уйдун сүтү, кара нан, таттуулар, буурчак өсүмдүктөрү сыяктуу азыктар баланын ичинин көбүшүнө алып келет.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Эмизген соң баланы 2-3 мүнөт тик абалында көтөрүп туруңуз. Баланы чалкасынан жаткырып, бутун велосипед тээп жаткан сымал айландыруу, көбүрөөк көмкөрөсүнөн жаткыруу ичтин көбүшүнүн алдын алат. Ал эми ичи ооруп ыйлап жаткан баланы массаж кылуу менен тынчтандырсаңыз болот. Ал үчүн үтүктөлгөн жылуу жалаякты ичине басып, сааттын жебеси боюнча айлантып киндигинин айланасына массаж жасаңыз. Укроп суусун же атайын ич көбүүгө каршы каражаттарды ичириңиз.

КУЛАГЫН КАРМАЛАЙ БЕРСЕ

Тынбай өзүнүн кулагын өзү чойгулай берет, же тескерисинче, кулагын карматпайт.

БУЛ ЭМНЕНИН БЕЛГИСИ?

Адатта бул ортоңку кулактын сезгенишинин белгиси. Балаңызды кулагына бир нерсе кирип кеткен болушу мүмкүн.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Кулакка байланыштуу көйгөйгө маани бербей коюуга болбойт. Сөзсүз түрдө дарыгерге көрсөтүңүз. Эгерде бир нерсе кирип кеткен болсо, эч качан өз алдыңызча алганга аракет кылбаңыз.

ЭРИНИН КЫМТЫП АЛСА...

Тамак жебей, суу да ичпей калат, көрүүгө аракет кылганыңызда оозун ачпай эриндерин кымтып алат.

БУЛ ЭМНЕНИН БЕЛГИСИ?

Мунун себеби - ооз көңдөйүндөгү оору. Бул оозул же молочницадан улам пайда болгон оору болушу мүмкүн. Мындан улам бала эмчекти соргондо, тамакты чайнаганда, ичкенде ооз көңдөйүндө катуу ооруксунуу болот.

Булак: "Шамбала"

 

 

Последние новости