www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Керемет жашоого эч ким тыюу сала албайт!» деп жазат Аманда Тургунова постторунун биринде. Ушул пост эл аралык аброюу бар жергиликтүү ММКнын биринде өтө маанилүү болуп, калкка жарыя кылды. Аны менен бирге эле Райымбек Матраимовдун жубайынын 2015-жылдагы соцтармактагы сүрөттөрүн таратып, «Dolce & Gabbana», «Louis Vuitton», «Chanel» саркеч кийимдерине чейин токтолгон.

Кызыгы, бул жаңылык эмес. Анткени мындай саркеч кийимдерди Кыргызстандагы "менмин" деген байлардын аялдары толтура киет... Ошондой эле Райымбек Матраимовдун жубайынын бир нече жыл мурдагы сүрөттөрүн таап чыгып, коомчулукка жар салган “Азаттыкка” чыккан маалыматтардын 80% пайызы карандай калп жана чындыкка дал келбейт. 

Эми аталган басылма ар бир чиновниктин аялдарынын мүлкүн, кийим-кечесин талдап чыгышса. Алсак эл аралык басылмада маалымат тең салмактуу берилиши керек эле. Эмне себептен эч бир тараптын комментарийи алынган эмес, жөн гана болжолдонгон соцтармактан алынган маалыматтардын топтому болуп калган. Баса, анчалык болду эл аралык абройдогу басылма Аманда Тургунова менен Райымбек Матраимовдун ич кийиминин баасын, төшөктөгү мамилесин дагы чалып тактап койсо болмок экен.

Эске сала кетсек, Кыргызстандагы белгилүү басылмалар 3 жылдан бери Бажынын мурдагы төрагасы Райымбек Матраимовду бир беткей каралап, ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Бажынын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун атын атабай келишет. Ойлоп көрүңүз окурман, президенттин жарлыгына аппарат башчы кол койбогондой эле, орун басар кантип төраганын башын атташы мүмкүн. Матраимов болгону 4 орун басарынын бири болуп гана иштеген. Ошол эле учурда чүчкүрсө дагы Матраимовду мисал кылган, Өмүрбек Субаналиев бир тууган иниси эгебейсиз байлык топтогонун элдин баары билишет. Тилекке каршы аны менен  эч кимдин иши жок. Анткени Өмүрбек Субаналиев Бажынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматовдун эң жакын досу. Бул маалымат "Азаттыкка" кулак кагыш...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости