www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагалыгы кызматынан бошотулду. Ордуна финансы министрлигинин алдындагы финансылык чалгын кызматынын башчысы болуп иштеген Канатбек Тургунбеков дайындалды.
Ошентип, эки жыл Мүлк фондун башкарган Бакиров кирешелүү ишканаларды көрүнгөн жакка таратып бүтүп, иштен кетти.
Башкача айтканда, Мүлк фондусуна караштуу "Дастан", "Мега" ишканасын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өттү.
Мындан тышкары, "Аманат" аттуу холдинг түзүп, ага "Манас" аэропорту, "Кыргызнефтегаз", "Кыргызалтын" сыяктуу 16 ири кирешелүү ишканаларды өткөрүп берди.
Айтор, мамлекеттик мүлктү майкандап, бөлүп-бөлүп таратып жиберип, "Мавр өз ишин жасады, эми кете берсе болот" дегендей басып кетти.
Булак: NazarNews.kg