www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 27-февралда билим берүү министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өткөн жыйында билим берүүдөгү приоритеттүү багыттарды атады.

Алар:

— Президенттин демилгеси менен эми мугалимге “Кыргыз эл баатыры” наамы берилет;

— “Жылдын мыкты мугалими” сынагынын жеңүүчүсүнө батир, беш негизги предмет боюнча жеңүүчү болгон жылдын мыкты мугалимдерине бир миллион сомдон берилет. Жеңүүчү аталган 5 мугалим жыл бою Кыргызстанды кыдырып, көрсөтмө сабактарды өтөт;

— Жакынкы 3-5 жылда миңден ашуун мугалимдерге квартира берилет. Бул үчүн атайын долбоор түзүү максаты көздөлүүдө;

— Дүйнөлүк жогорку окуу жайларда окуп, атактуу компанияларда иштеген мекендештерге мамлекет тарабынан атайын сыйлыктар берилет;

— Президенттин демилгеси менен жакыр үй-бүлөдөн чыккан таланттуу балдар үчүн Чолпон-Ата шаарында мектеп-гимназия курулуп жатат. Ал жакынкы жылдарда ишке кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости