www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бразилиялык аялдын беш айдан бери COVID-19 вирусун алып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу жергиликтүү O Globo гезитине шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты. 

152 күн күндөн бери аялдын организминде коронавирус жашап жүргөн. Анда оорунун эч бир  белгилери байкалган эмес, бирок адистер аял бул аралыкта көп кишиге вирус жугузушу мүмкүн экенин айтууда.

"Бул адамдын организминде вирус эң узак жашаган учур. Ошондой эле белгилери жок оору канчалык коркунучтуу экенин көрсөтүп турат", — деп айтылат маалыматта.

Аты аталбаган аял саламаттык сактоо тармагында иштегени маалым болду. Март айында анда вирустун алгачкы белгилери байкалган. Ошондон бери медик үй карантининде отурган. Беш ай өтүп, вирус организминде толугу менен жок болгондон кийин  гана өз кызматына киришкен.

Изилдөөлөргө караганда, коронавируска кабылган айрым адамдар сакайып кеткенден кийин дагы башкаларга жуктура бериши мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости