www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медиктер менен мугалимдерге мамлекеттик ипотека берилет

Медиктер менен мугалимдерге мамлекеттик ипотека берүү үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан (ЕТӨФ) 25 миллион доллар алуу пландалып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрайымы Элмира Абжапарова брифинг учурунда билдирди.

Абжапарованын айтымында, донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп, "узак мөөнөттүү жана арзан каражат" изделип жатат.

"ЕТӨФ менен тыгыз кызматташып жатабыз. Алардан алган каражат медиктер менен мугалимдерге ипотека берүүгө жумшалат. Азыр алар 25 миллион доллар боюнча арызыбызды карап жатат", — деди Абжапарова.

Германиянын өнүктүрүү банкынан 10,5 миллион евро өлчөмүндөгү гранттык каражатты берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлганын билдирди. Мындан тышкары, "Азия банкы" менен инвестиция жана техникалык жардам боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости