www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Этникалык кыргыздардын жогорку окуу жайларда акысыз билим алуусу үчүн сынак башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, агаТажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркия жана Кытайдын жарандары болгон этникалык кыргыздар катыша алат.

Документтер 10-сентябрга чейин кабыл алынат. Ал саат 14:00дөн 17:30га чейин гана Билим берүү жана илим министрлигине кагаз түрүндө тапшырылышы керек. Суроолор болсо 996 312 621519 номерине чалууга же [email protected] дарегине жазса болот.

Тажикстан, Өзбекстан жана Кытай Эл Республикасынын аймагында турган этникалык кыргыздардын документтерин кабыл алуу иштерин аталган өлкөлөрдө жайгашкан КРдин элчиликтери жүргүзөт.

Алардын документтерди кабыл алуу убактысы беш күндөн айырма бар. Маселен Өзбекстанда 15-сентябрга чейин, Тажикстанда 5-сентябрга чейин жана Кытайда 10-сентябрга чейин тапшыруу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости