www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кылмышка шектелип кармалган Мелис Аспеков менен Улан Жураев 9-мартка чейин камакта калтырылды. Бул маалыматты Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы жергиликтүү ММКлардын бирине ырастаган. Маалыматка ылайык, алар УКМК тергөө абагында камакта болушат.

Эске салсак, УКМК эки жарандык активист «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалганын, алар Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде кылмышка шектелип жатканын кабарлаган. Аларды кармоого «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызы негиз болгон.

Тергөө учурунда Аспеков менен Жураев укук коргоо органдары ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат деп коркутуп, «Кыргыз темир жолунун» башчыларынан 250 миң доллар талап кылганын, ишкана ээлери аталган каражатты бергенин аныкталган.

Эске сала кетсек, Мелис Аспеков президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Чүй облусундагы шайлоо штабын жетектеп жатканын буга чейин айткан. Жапаров өзү 10-январда добуш берүүдөн чыккандан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Аспеков Жапаровдун шайлоо штабына тиешеси жок экенин маалымдаган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости