www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин   кол тийбестигинен айрылганын  Путин “досу” ойлоп койдубу?  Буга чейин мени колдойт деген ишенимде жүргөн Орусиядан да Атамбаев үмүтүн үзсө болот. 2016-жылдын башында Орусия Кыргызстан мамилеси катуу курчуп кеткен. Ал эмес “Регнум” басылмасы 2016-жылдын 26-январында  карама-каршылыктын рейтинги боюнча Сауд Аравиясы, Молдовадан ашты деп жазган. 2016-жылы сентябрда Путин иш сапары менен Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстанга келет. Ал мезгилде Үркүнгө 100 жыл толуп, андан бир жыл мурун Түркия Арменияны кырганына 100 жыл толуп, биз геноцид кылганбыз деп мойнуна алышкан. Кыргыз мекенчилдери да Орусия эмне үчүн 1916-жылдагы кыргыз элин кыргандарын мойнуна албайт дешип, ошол кездеги орус командованиеси 18 жаштан өткөн бир да кыргызды тирүү калтырбай өлтүргүлө деген  буйругун таап чыгышкан. Орустар кыргызды кырганын геноцид деп мойнуна алсын деп чыгышкан. Кыргызстанда Үркүнгө арналып эстелик курулуган. Путин келгенде Атамбаев мамлекеттик жетекчинин этикасына туура келбеген кызуу абалында тосуп алып, аны досум келди деп  кучактап, Путин ага тең келбейм деп турганы тасмаларда калган.

Учурда кыргыз парламенти Атамбаевди кол тийбестик укугунан ажыратты. Атамбаевдин “досу” Путин болсо учурда Японияда дүйнөнүн 20 “лөк” мамлекеттери менен саммит уюштуруп жүрөт.Бул жакта Бишкекке саммитке келгендерден Орусия президенти Путин, Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен Индиянын премьери учуп барышты. АКШ, Улуу Британия, Германия, Канада, Италия, Түштүк Корея жана башка күчтүү мамлекет жетекчилери жолугушуп, ал эмес Дональд Трамп буга келишпестиктер болуп жаткан Путин жолугушары да күтүлүүдө. Путин “досунун” Атамбаевди ойлоор учуру эмес. Путиндин пресс-катчысы Песков ооз учунан: “Биз Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпейбиз” –деп койду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости