www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-июнда Бишкек шаарынын мэриясы менен «СамАвто» жоопкерчилиги чектелген коому эки тараптуу келишимге кол койду. Ага ылайык, борбор калаага аталган ЖЧК чыгарган «ISUZU» автобустары алынып келет.

Бишкек шаарынын мэриясы билдиргендей, келишимге шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Ункуев жана «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКнын директору К.Усубаматов кол коюшту.

Ушул жылдын 11-майында Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы менен «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Ага ылайык, ушул жылдын аралыгында «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» компаниясы Бишкек шаарына Өзбекстанда чыгарылган газ менен жүрүүчү «ISUZU» үлгүсүндөгү 350 автобус алып келүүгө милдеттенет.

Ошондой эле келишимдин шартына ылайык, автобустардын биринчи партиясы 2021-жылдын 1-июлуна чейин алынып келиши керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости