www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлык ZHENGZHOU YUTONGBUS CO., LTD компаниясы газ менен жүрө турган 60 автобусту сатып алуу боюнча тендерди утуп алды.

Бишкек шаарынын мэриясы кабарлагандай, компания 301,2 миллион сомдук сумманы сунуштаган. Тендердин шартына ылайык автобустардын бааларынын жалпы суммасы 382 миллион сомдон ашпашы керек болгон.

Yutong ZK 6108 HGH үлгүсүндөгү автобустар метан газы менен иштейт. Мэрия мындай автобустарды киргизүү шаардын экологиясына оң таасирин тийгизет деген ойдо.

Автобустар бардык келишимдерге кол коюлгандан кийин 90 күн ичинде алынып келиниши керек. Бир автобустун баасы 72 миң долларды түзөт.

Үнөмдөлгөн каражатка дагы тогуз автобусту сатып алса болорун айткан мэрия, шаарда эми 69 жаңы автобус жүрүп каларын кабарлады.

Тендерге жалпысынан сегиз компания катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости