www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балдарга реабилитациялык жардам көрсөтүү системасын өнүктүрүү жана адистештирилген медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча иштеп жаткан «Максат» реабилитациялык борборунун базасында реабилитология боюнча билим берүүчү жана илимий-усулдук функциялары бар заманбап реабилитациялык шаарчаны долбоорлоо жана куруу пландалууда.
Долбоорду ишке ашырууга даярдык көрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов «Максат» борборуна барып, анын материалдык-техникалык базасы, балдарга көрсөтүлүп жаткан жардамдын шарттары жана инфраструктураны мындан ары өнүктүрүүгө арналган аймак менен таанышты.
Долбоор балдардын церебралдык шал оорусу (БЦШО), аутизм спектринин бузулуусу (АСБ), Даун синдрому, өнүгүүнүн кечигүүсү жана башка ден соолукка байланышкан бузулуулар менен жабыркаган балдарга комплекстүү жардам көрсөтүүчү реабилитациялык шаарчаны түзүүгө багытталган.
Реабилитациялык шаарчанын курамына стационардык, амбулатордук жана күндүзгү реабилитация үчүн адистештирилген борборлор жана бөлүмдөр, АСБ жана Даун синдрому менен ооруган балдар үчүн коррекциялык борбор, БЦШО менен жабыркаган балдар үчүн 150 орундуу заманбап борбор, ата-энелер жана медициналык кызматкерлер үчүн жатакана, ошондой эле билим берүүчү жана усулдук блок кирет.
Шаарчада реабилитация залдары, гидротерапия үчүн бассейн, физикалык терапия жана кинезотерапия бөлүмү, массаж жана физиотерапия кабинеттери, сенсордук интеграция, эрготерапия, логопедия жана психология кабинеттери, функционалдык жана ультраүндүк диагностика бөлмөлөрү, эмгек терапиясынын зоналары, ошондой эле ачык реабилитациялык жана оюн аянтчалары каралат. Мындан тышкары, ат менен өз ара аракеттенүүгө негизделген, физикалык жана психо-эмоционалдык абалды жакшыртуучу адаптацияланган ат минүү — иппотерапия элементтери да камтылат.
Шаарчадагы ишмердүүлүк далилдүү медицина принциптерине, көп тармактуу ыкмага жана үй-бүлөнүн активдүү катышуусу менен түзүлгөн индивидуалдык реабилитациялык программаларга негизделет.
Реабилитология тармагындагы адистерди даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга, үй-бүлөгө багытталган жардам моделин өнүктүрүүгө жана туруктуу кадрдык потенциалды калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулат.
Долбоор балдардын саламаттыгын сактоо, медициналык реабилитацияны өнүктүрүү жана кадрларды даярдоо боюнча мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарына шайкеш келип, өлкөнүн региондорунда мындан ары жайылтуу үчүн үлгү катары каралууда. Долбоордун ишке ашырылышы балдарга көрсөтүлүүчү реабилитациялык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, калыбына келүүнүн функционалдык жана социалдык көрсөткүчтөрүн жакшыртууга, дарылоо процессинде үй-бүлөнүн ролун күчөтүүгө жана балдар реабилитологиясы жаатында улуттук компетенция борборун түзүүгө шарт түзөт.