www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарандык активист Алмазбек Сардеков Президент Садыр Жапаровго Кайрылуу жолдоду.
«Урматтуу Президент Садыр Нургожоевич мырза, кечээ Өкмөт Үйүнүн алдында майып адамдар митингге чыгышып, сиздин кабыл алууңузду суранышты. Алар мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жер, үй маселесин чечип берүүнү эле суранып жатышат. Булар качандыр бир күнү ушинтип митингге чыгышмак!
Анткени, байкуш майыптар, болгону 2-3 миң сом гана жөлөк пул алгандары да бар. Башка эчкандай жеңилдиктер каралган деле эмес!
Тагдырдын өгөй баласындай кылып, кароосуз таштап койбой, майыптар үчүн атайын ыңгайлаштырылган, баардык шарты бар көп кабаттуу үй куруп берүү мезгили келди. Анткени, биз социалдык мамлекетпиз!
Урматтуу Садыр Нургожоевич, эгер мени кабыл алсаңыз, кайсыл булактан акча таап, майыптарга кантип үй куруп берүү жолдорун Сизге көрсөтүп бермекмин. Бюджеттен «бир тыйын да кетирбей» эле бул маселени чечсек болот! Мамлекет болгону эле жер маселесин гана чечип берүүсү керек! Калганын тапсак болот!», - деп айтылат Сардековдун кайрылуусунда.
Булак: NazarNews.kg