www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кымыз менен дарылануунун эң сонун мезгилиндебиз

Кымыздын тарыхы бир канча миң жылдарды түзөт. Мисалга алсак, кымыз тууралуу байыркы грек тарыхчысы Геродот (484-424-ж. б.з.ч.) жазган. Ал скифтердин жашоосун баяндап, алардын жакшы көргөн ичимдиги терең жыгач челекте бээнин сүтү урулуп жасалган өзгөчө ичимдик экенин айткан.

Байыркы казак жана монгол талааларындагы (5500 жыл мурун) көчмөн эл энеолитте кымызды биринчилерден болуп жасап баштаган. XIX кылымда Россияда кымыз менен дарылоочу 16 санаторий ачылган.

Анда аз кандуулукту (анемия), кургак учукту, өпкөнүн өнөкөт ооруларын, гинекологиялык жана тери ооруларын кымыз менен дарылашкан. Кымыз жөнүндө орус жазуучулары М.Горький, Л.Толстой, А.П.Чеховдордун айткан жакшы насааттарын дагы жолуктурабыз.

Кымыздын пайдалуулугун орус врачы Н.В.Постников 1858-жылы далилдеген. СССР убагында кымыз менен дарылоочу атайын санаторийлер ачылып, мамлекеттик курорт программалары кабыл алынып, окумуштуулар кымыз боюнча бир топ илимий изилдөөлөрдү жазышкан.

Ал эми сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед саллоллоху уасалламдин хадистеринде адамдарга шаардын абасы жакпай ооруп калса, анда абасы таза жерлерге барып, айбандын (төөнүн, бээнин) сүтүнөн ичип дарыланса, алар тез эле айыгып кетери айтылган.

Кымыз менен дарылоонун эң сонун жана организмге пайдалуу мезгили болуп май айынын ортосунан июль айынын ортосуна чейинки убакыт эсептелет. Кымыз даярдоочу жерлер деңизден 1500- 2000 миң метр жогору болгондуктан, тоонун таза абасы, активдүү кыймыл аракет организмди тез калыбына келтирүүгө эбегейсиз чоң таасирин тийгизет.

Сапаттуу жасалган, өлчөмү менен ичилген кымыз саламаттыктын сактыгына, өмүрдүн узактыгына зор өбөлгө түзөт. Кымыз менен дарылоо акыркы жылдары биздин Кыргызстанда аябай таанымал дарылоонун бир ыкмасына айланды.

Организмге жагымдуулугу, пайдалуулугу, минерал заттардын көптүгү жагынан бээнин сүтүнөн жасалган кымыздын артыкчылыгы бар. Кымызда А, Е, С, В группадагы витаминдер, темир, йод, май жана тирүү кычкыл сүттөгү бактериялар (кисломолочные) бар. Кымыздын курамы антибиотикке бай келип, кургак учукка, брюшной тиф, дизентерияны айыктырууга чоң таасирин тийгизет.

Андан тышкары, кымыз ашказан ооруларына, кандагы холестериндин азайышына, нерв системаларын калыбына келтирүүдө абдан пайдалуу суусундук. Бирок, кымыздын кээ бир ооруларга зыяны да бар. Бир катар организмдин өнөкөт же курч ооруларында кымыз ичүүгө болбойт.

Мисалы, гипертония оорусунда, жүрөк кемтигинде кымыз ичүүгө тыюу салынат. Ошондуктан кымыз ичип дартка даба издөөдөн мурун сөзсүз дарыгерге кайрылып, керектүү кеңештерди алуу зарыл.

Кымыздын ден соолукка тийгизген пайдаларын дагы бир жолу эскертип кетели:

-- кургак учук таякчаларына каршы антибиотик бөлүп чыгарат;

-- ашказандын секрециялык жана башка тамак сиңирүүчү органдардын ишин нормалдаштырат;

-- он эки эли ичегинин жана ашказан жарасынын басаңдоо стадиясында жакшы натыйжа берет;

-- дизентерия жана келте оорусун айыктырат;

-- витаминдерге бай болуп, нерв системасына жагымдуу таасир этет;

-- канга да жагымдуу таасирин тийгизет: гемоглобинди көтөрөт, лейкоцит формуласын жакшыртат (иммунитетти көтөрөт);

-- рак оорусунун өрчүүсүн басаңдатат;

-- теринин, ошондой эле организмдин жаштыгын сактап калууга жардам берет.

Булак: Азия News гезити

Последние новости