www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын Кашкадарыя облусуна караштуу Лангар айылындагы талаада казылган артезиан кудугуна түшүп кеткен 6 жаштагы бала куткарылды. Бала бир суткага чейин чуңкурда болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-июнь күнү түштөн кийин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө айыл тургуну телефон чалып, талаада иштеп жаткан учурда баласы жакын жерде казылган диаметри 200 метр болгон кудугукка түшүп кеткенин билдирген.
Окуя болгон жерге дароо ӨКМдин аймактык куткаруучулары жана тиешелүү кызматтар барышкан. Куткаруу иштерине атайын техникалар, экскаваторлор жана грейдерлер тартылган.
«Атайын куткаруу операциясынын натыйжасында бала бүгүн саат 10:25те куткарылды», — деп айтылат ӨКМнын билдирүүсүндө.
Учурда баланын абалы жакшы экени жана Тез жардам кызматына өркөрүлүп берилгени кабарланды.
Булак: NazarNews.kg