www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы эртең менен болгон атышуудан кийинки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.
Аталган ведомствонун билдиргенине караганда, кыргызстандык чек арачылардын арасында жаракат алгандар жок.
Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу уланууда. Ага эки өлкөнүн чек аралаш аймактарынын күч түзүмдөрү дагы катышып жатат.
"Сүйлөшүүнүн биринчи жыйынтыгы аскерлерди ээлеп турган позициясынан артка тартуу болду", — деп айтылат маалыматта.
Саат 13:00гө карата Тажикстан менен болгон чек арада кырдаал чыңалган бойдон турат.
Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен саат 06:50-07:00 чамасында Баткенде Тажикстандын "Кех" чек ара заставасы Кыргызстандын "Булак-Башы" чек ара заставасын көздөй аткылаган. Буга жооп катары кыргыз тарап да ок чыгарган.
Окуя болгон жерге тараптардын чек ара отряддарынын жетекчилери жөнөп кетишкен. Анткен менен саат 07:50дө тажик тарап гранатомет жана минометторду колдонуу менен кайрадан ок чыгарып, саат 8:10до токтогон.
Булак: NazarNews.kg