www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров өзүнчө бир аймакта аткезчиликти жаап-жашырып жатат, деп билдирди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Жаңы жүздөр» гезитине берген маегинде.
«Ал өзү элдин кызыкчылыгын коргоочу катары чыгып жатат, ал эми бизде башка маалыматтар бар. Ал депутаттык мандатына жамынып, депутаттык трибунадан туура эмес маалыматтарды таратып жатат. Анын жанында аны менен бирге сүйлөп, жетекчиликке, элге кайрылуу жасаган бир нече адамдар болгон. Мына ошол балдар — аткезчилер. Бул документтер менен далилденди», - деди Ташиев Мадумаров тууралуу.
УКМКнын төрагасынын айтымында, Мадумаровдун жанында жүргөн Арслан Ташматов үй-бүлөсү менен аткезчилик менен алектенген.
«Анын бир тууганы жана өзү чоң көлөмдө азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды коңшу өлкөгө алып өтүшкөн. Элдин, айыл өкмөттөрдүн азык-түлүк, минералдык жер семирткичтер же күйүүчү-майлоочу майлар жетишсиз болгонуна нааразычылыгы жок.
Биз жетишээрлик деңгээлде жеткиребиз, өткөрөбүз, бирок аткезчилер ушундан пайдаланып, элдин эсебинен кошумча киреше алуу үчүн кайра сатуу менен алек болгусу келет. Мадумаров бул жүктөрдү ташуу үчүн УКМК белгилүү бир сумманы талап кылып жатат деген жалган маалымат тараткан. Албетте, эгерде адам аткезчилик жүк ташып келе жатса жана аны билип турсак, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аны сөзсүз түрдө токтотобуз», - деди Ташиев.
Ал кошумчалагандай, азыр өлкөнүн түштүгүндөгү үч облуста — Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында аткезчилик бир топ азайган. «Тагыраак айтканда, биз катуу иштеп жаткандыктан, аткезчилик дээрлик жок.
Албетте, бул ишти жүргүзүү менен биз мурда эбегейсиз акча таап келген ар кандай топтордун, ар кандай адамдардын кызыкчылыгына тоскоол болуп жатабыз.
Депутат аталган партиянын лидери болуп туруп, парламент трибунасынан ушинтип жалган сөздөрдү айтып жатканына кыжырым келди. Болгондо да мен аны эмес, ал мени көздөй колун булгалап коркуткан. Анын коркутуп-үркүтүүлөрүн баары эле укпаса керек, себеби анын микрофону өчүк, меники иштеп туруптур. Ал башка депутаттарга көңүл бурбай, мени коркутуп, мага көрсөтөм, мени менен чечишем деп кыйкырып жатат», - деди Ташиев.
Ташиев мунун баарын залдагы депутаттар укканын айтты. «Ал мага көрсөтөөрүн, мени менен чечишерин, мага бир нерсе болорун айтты. Мен ага: «Мага бир нерсе болордон мурда, колуңду сындырып коем» деп жооп бердим. Ушундай болот...», - деди УКМКнын башчысы.
Буга чейин, 2-июнда Мадумаров менен Ташиев Баткен облусундагы аткезчилик боюнча маалыматтан улам кайым айтыша кетишкен. Ташиев Мадумаровдун колун сындырам деп коркутуп, депутат төңкөрүш даярдап жатат деп айткан.
Булак: NazarNews.kg