www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте милиция кызматкерлери Россиядан келген туристке уурдалган 2 телефонун таап беришти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Россиянын жараны Дмитрий маршруткада уурдаткан “Самсунг” жана “Айфон 14” үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун табууга жардам сурап ИИМнин Коомдук кабылдамасына кайрылган. 

Өз кезегинде министрдин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу кеңешчиси Абдумалик Мамыров коноктун арыз-дооматтарын уккандан кийин, Свердлов райондук ИИБдин башчысы Азамат Байгазиевге кымбат баалуу телефондорду уурдаган кылмышкерди кармоо боюнча тез арада чара көрүүнү тапшырган.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери арызды каттап, текшерүүгө киришкен. Келтирилген чыгымдын суммасы 179 миң сомду түзгөн.

Уурдалган “Самсунг” жана “Айфон 14”  үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду милиция кызматкерлери уюлдук телефондорду сатып алуучулардан табышкан.
Көп өтпөй ыкчам кызматкерлердин жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында болжолдуу кылмышка шектүү адамдын ким экендиги аныкталган. 
Ал, 31 жаштагы М.А. экендиги аныкталып, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгүндө (уурдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча айып тагылып, башка жакка кетпөө тууралуу баш коргоо чарасы тандалган.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости