www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданиятты тейлеген министрлердин көргөн күнү курусун. Мен деп көкүрөгүн койгулаган Түгөлбай Казаковдун деле айласын кетирип, керектүү жерин түйрүп салышканы боюнча каңырыштар бекер жерден тараган эместир? Көрсө тиштүү делген азаматтардын деле айласын ак үйдөгүлөр алты кетирип коюшат экен. Кандай болгон күндө да жогору жакты абайлап карап оокатын кылбаса алдындагы аш куюлган табагын тартып алышаары турган иш. Эгерде маданият министрлиги өз алдынча болсо балээ кепке илинмек эмес.
Азыркы жаш министрди деле топташтай кылып ыргытып ойноп жатышканы ачык байкалып турат. Бир айдан ашканына карабастан цирктин жетекчисин эмне үчүн кое албай алдастап жатат? И-ии так ошондой. Эмгек жамааты каалап колдогон Аида Акматованы неликтен бийик жердегилер көргүсү келбейт? Анткени туш тараптан өз кадрларын жылдырууга аракет кылган мыкчыгерлер бар. Ошолор улам байланышка чыгып, тигини эле жылдырып салбайсыңбы дешип Азамат Жаманкуловду бурчка такап жатышпайбы?
Антишпесе “Ата Мекенчи” Фархат Бекманбетовдун аты аралашпайт эле да? Башкалары деле жөн жерден чыга калбагандыр? Негизи цирктин каражатка толгон карыны барган кадрды ач калтырбайт. Муну он төрт жылдан бери циркти сүлүк курттай соргон мурдагы кожоюну Курмангазы Исанаевден сурасаңар айтып берет. Жакшылап сурансаңар кайсыл жерден кулакты тик чыгарыш керектигин да баяндап бермекчи. Айтор, ушул ирет жетекчинин маселеси чечилет деп күтө туралы.
Булак: "Ачык сөз"