www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фархад Бекманбетов Абубакир Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик цирктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.
Тиешелүү буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койгон.
Цирктин мурдагы жетекчиси Курмангазы Исанаев 20-декабрда кызматынан бошотулган. Исанаев 2004-жылы 6-октябрда ошол кездеги премьер-министр тарабынан дайындалган.
Ноябрдын соңунда цирк жамааты жетекчисине нааразычылык билдирип, мекемедеги пикир келишпестик тууралуу Жогорку Кеңеш трибунасынан айтылган.
Фархад Бекманбетов бир катар кыска жана толук метраждуу тасмалардын продюсери, "Айтыш" фондусунун жетекчиси, КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары кызматтарын аркалаган.
Жакында эле цирк кызматкерлери Ак үй алдына өзгөчө митингге чыгып, аттардын коштоосунда оюн көрсөтүп жетекчилик кызматка жаачы Аида Акматованы көрсөтүп жатышкандарын айтышкан.
Булак: NazarNews.kg