www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бокоевге кызыккандар бар экен

Ооба, парламентте зыңгырап отургандар кембагал эмес, бул чын. Ошентсе да ар кимиси кайсыл бир лидердин ичине кирип жатып мандатка ээ болгон. Учурдагы алты фракциядагы депутаттарды керек болсо кимдин көмөгү менен депутат болгонун иликтеп чыкса болот. Анын жашыруун сыры деле жок.

Ал эми “Республика” партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановдун эң жакын кишилери ким экенин деле коомчулук билип калды. Албетте, биринчи сапта Руслан Казакбаев турганын танууга болбойт. Ошол үчүн ээрден оодарылганга чейин фракциянын лидерлигин ээлеп турган. Анан бийлик алмашканда көз ачып жумгуча лидерди күм-жам кылып салышты. Бийликтин керемети ушундай болот турбайбы, чиркин. Мирлан Жээнчороев, Максат Сабировдор да Өмүкеге сырдаш эле. Азыр да бир кездеги лидери үчүн булар тоо болуп туруп берүүгө даяр.

Ал эми Кенжебек Бокоевдин таржымалына келсек мындай. Илгери ал Таласта айыл өкмөт башчысы болуп иштеген. Ошондо деле камчы салдырбай өз милдетине жоопкер мамиле жасаган. Кийин мамлекетте чоң өзгөрүү болуп дымактууларды чырак менен издөөгө туура келген. Көздөн чаар чымын учуп турганда Бабановдун кароолуна Кенжебек илинген. Оозунда кеби, орундуу аргументтери бар жигитти командасына кошуп алууну эп көргөн. Ошондон тарта тандалмалардын арасына Бокоев да кирип ишенимди актоого далалат кылган. Акыркы убакта ушул депутатты чалып жыгылтууга аракеттер болуп жатат. Мынча жылкысы, тигинче багылган букасы, Таласта эле эмес Чүйдө мал багууга ылайыкташтырылган сарайлары бар деген маалыматты чүргөй салуга эмне күч келди? Арийне, мунун артында катылган сыр бардыгы байкалууда. Антсе да калыс сөзүбүздү айта кетели. Буга чейин эле ал төрт түлүк малды арбытууга, ошентип бизнести өркүндөтүүгө аракетин көргөн. Бабанов анын казанына ашын салып берген эмес. Башкалардай болуп казынага кол салып, жемкорлукка шектелгендиги боюнча кабарды укпаптырбыз. Адал иш аркылуу байлыгын табууга ар кимдин акысы бар. Кенжебек деле ошолордун бир дегенге негиз бар.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости