www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек сиңирген артист, актёр, алып баруучу Турусбек Жумалиевдин жубайы Зоя Токторбаева өткөн жылдын 14-декабрында узакка созулган оорудан көз жумган. 41 жыл бирге жашаган жубайынан айрылган агабыздын кабыргасы кайышып турган кези. “Зоядай адам менен өмүрүмдү бирге өткөргөнүмө бактылуумун” деген маектешибиз маркум жубайын жылуу сөздөр менен эскерип отурду.

-Турусбек мырза, жубайыңыздын арты кайырлуу болсун! Аны менен эң биринчи кезиккен күнүңүз бүгүнкүдөй эсиңизде сакталуу болсо керек❓

- Зоя экөөбүз Москва шаарындагы Луначарский атындагы театралдык жогорку окуу жайында чогуу окуп калдык. Биринчи жолу көргөндө көп сүйлөбөгөн, түз жүргөн, оор мүнөзүнө ичим жылыган. Бирок ага ашыкча сүйлөп тамашалай алчу эмесмин. Кагып коёбу деп сактансам керек. 1-курста окуп жүргөндө атам каза болуп калды. Жатакананын коридорунда ойлонуп турсам: артыман бирөө басып келип: “Атаңды ойлоп атасыңбы? Менин да атам бул жакка келеримде каза болуп калган.Сени жакшы түшүнөм”,деди. Үнүнөн Зоя экенин тааныдым. Ага ыраазы болуп калдым.2-курста окуп жүргөн кезде мугалимим:“5-курста дипломдук иш катары “Ромео менен Джульетта” спектаклинде башкы каарманды ойнойсуң, азыртадан даярдан”,- деди. Өзүмдү роль үчүн бир калыпта кармайын деп таң атпай жатакананын алдында чуркачумун. Бир күнү Зоя маанайы жок алдыман чыкты.“Бөйрөгүмдө чоң таш бар экен, эртең операция болом”,-деди. Нес болуп калдым. Көрсө, бөйрөк оорусу ошондо эле бар экен. Ооруканага барып жүрдүм. Айыгып чыккандан кийин кыш айларында апасы көргөнү келиптир. Апасы тыкан, үстү-башы таза, оор басырыктуу киши экен. Ошондо “Зоя апасын тартса кийин ушундай аял болот турбайбы” деп ого бетер сүйүүм ашты.

-Эжеге айтпай өзүңүз эле ЗАГСка барып арыз жазган экенсиз, аныңызды кандай кабыл алды эле❓

- 5-курста баягы агай айткан Ромео менен Джульеттанын ролдорун Зоя экөөбүзгө беришкен да. Бизди ушул нерсе да жакындатты.Мен ал кезде Зояга үйлөнөрүмдү так билчүмүн. Бир ирет “үйлөнөлү” десем “эс алчы” деп койду. Анысына карабай ЗАГСка барып арыз таштап келдим. “Үйлөнөбүз, арыз таштап келдим” десем олуттуу кабыл албады. Каттала турган күнү да ишенбей, эч кандай даярдык көрбөптүр. Шаштырып курбу кызынын сый көйнөгүн сурап кийип барганбыз. Курсташтарга чакан тойчук өткөрдүк. Ата-энебизге болсо жаңылыгыбызды телефон аркылуу эле кабарлап, тоюбузду бул жакка келгенде өткөрмөй болдук. Баш кошконубуздан кийин гана Зоя: “Мен да сени бир көргөндө эле сүйгөм”,- деп сырын ачып атпайбы.

- Турмуш кургандан кийин көпкө чейин балалуу болбогонуңуздар жубайыңыздын оорусуна байланыштуу болдубу❓

- Бир жылдан кийин эле балалуу болмокпуз. Бирок боюнда болгондо доктурлар “төрөй албайсың, өмүрүңө коркунуч жаралат” деп алдырып салышты. Жаш экенбиз, Кудай берерин унутпасын деп отуруп калдык. 1983-жылы Кыргызстанга келдик. Бөйрөгү бир аз ооруп жүрдү. Досум Дмитрий Певцовдун апасы доктур болчу. Москвага барып ошондон дарыланып, алты жылдан кийин уулумду төрөдү. Ошондо деле ооруп жүрчү. Кийин дагы бир жолу кош бойлуу болду. Бирок 8 ай болгондо баласы түшүп калды. Бул жолу Зоя катуу кайгырды. Ден-соолугу начарлап театрдан да алыстады. Суукка урунбай, бир калыпта жүрүш керек болду. Адам толуп, бөйрөк май байлаганда көп күч келбейт экен. Доктурлардын тапшырмасы менен семирди. “Эч жакка чыкпа, тамак же, бир маал укта” дейм. Семиргенде айыгып кеткендей болду.

-Сиз жубайыңызды өмүрүнүн аягына чейин бапестеп өтүптүрсүз. Көп эле эркектер мындай сыноого чыдабайт го❓

- Зоя ооруп калганга чейин мен деле көп нерсесине чыдачу эмесмин. Анча-мынча нерсе көңүлүмө жакпай калса чыртылдап кетчүмүн. 1998-жылдан баштап оорусу катуулай баштады. Ошондо жашоомду артка түрдүрүп мага кылган мамилесин, жакшылыгын, сүйүүсүн эстедим. Апам да келинин аябай жакшы көрчү. “Сени эч качан кайда жүрөсүң деп тескебейт, чөнтөгүңдү аңтарбайт. Мыкты аял”,-дечү. Өзү да апама күйүмдүү келин эле. Ушундай асыл адамдын түйшүгүнө, оорусуна кантип чыдабайсың? Ага кам көрүү мен үчүн ырахат болчу. Ооруганда өзүм жуунтуп, чачын тарап баладай кам көрчүмүн. Менден башка эч кимге ишенчү эмес. Каалагандай эркелечү. Кандай косметика, бет май, кийим каалап атканын кагазга жазып берет, мен дүкөн кыдырып алып келип берем. “Аялыма алып атам” дегенден уялып “кызыма керек болуп атат” деп койчумун. Убактымдын көбүн ага арнап жанымда ээрчитип жүрчүмүн. Кээ бир катыштар тойго мени жалгыз чакырчу. “Аялы оорулуу, баары бир келбейт” дешсе керек. Андайларга жиним келип бош болуп турсам да барбай койчумун. Анын ордуна каалаган жагына алып барып каалаган тамактарын алып берип экөөбүз эс алып келчүбүз. Кыймылы жай болчу да, кийингенге, боёнгонуна өзүм жардам берчүмүн. 

- “Оорукчан аял менен жүрө бербей башка аял алып балалуу бол” деп бузгандар деле болсо керек❓

- Анан эмне?! Теңтуштардын, туугандардын арасынан андай сөздөр чыга берет экен. Ал тургай “ушу сага ылайыктуу” деп тааныштырганга чейин барышкан. Мен адамдын көңүлүн оңой менен калтырбайм да, таанышып койчумун. Бир жолу бузуку бирөө Зояга телефон чалып: “Күйөөңдүн бир ырчы менен мамилеси бар”,- дептир. Бир күнү тойго барсак ошол ырчы да келип калып атпайбы. Ырдап бүткөндөн кийин Зоя ырчыны кайра залга жетелеп чыгып: “Бул ырчы айымды Турусбек эле эмес, мен да жакшы көрөм”,- деп ушакчылардын оозун жапкан. Зоя өзү деле “сага деле аял керек, башка аял алчы” деп айта берчү. Бирок мен бир эле адамды сүйүп өткүм келет. Бөлөк аял менен жашоомду элестете албайм.

- Акыркы күндөрүн кандай жашады❓ Сизге эмнелерди айтканга үлгүрдү❓

- Бөйрөк оорусуна кийин кант диабети кошулду. Декабрь айында ооруканага жатып бир ирет текшерилип алайын деди. Эки жума жатып үйгө келди. Ичер суусу түгөнүп баратканын өзү сезген окшойт. Үч небересин отургузуп алып: “Алтындарым, силерди эми ким ойнотот? Мен беш күндөн кийин өлөм”,- дептир. Аны мага улуу неберем кийин айтып атпайбы. Бизге да коштошкон сөздөрдү айта баштады. Өзүнөн-өзү буулугуп көпкө чейин жаш балача ыйлады. “Сага ыраазымын, мени жакшы карадың. Мени балам күтүп атат”,-деди. Мындай сөздү мурда эч качан айтчу эмес да. Абалы оорлошо баштаганда ооруканага алып бардым.

Доктур: “Турусбек, жубайың өмүр бою күчтүү дарыларды ичип жашаган турбайбы. Боору эзилип кетиптир, кайсыл учур болбосун үзүлүп кете бериши мүмкүн”,-деди.

Акыркы жолу ооруканага барганымда жүз аарчымды сурап алды. “Эмнеге?”,- десем: “Жытыңды жыттап турайын”,- деди.

Эртеси доктур чалып суук кабар угузду. Сөөгүн биринчи көргөн дарыгер: “Сиздин жүз аарчыңызды жаагына коюп алыптыр, үзүлүп баратканда да жытыңыздан ажырагысы келген жок окшойт”,- дегенде жүрөгүм тилинди. Былтыр апам 80 жашка чыгып каза болгон.

Жубайымдын сөөгүн апамдын жанына берем деген чечимге келип өзүм туулуп өскөн айылга алып кеттим.

- Уулуңуз, неберелериңиз жоготууну оор кабыл алдыбы❓

- Уулдарым мага билгизбей ичинен сызып жүрөт. Аны мен көз караштарынан эле туям. Неберелеримдин улуусу Регина энесине өзгөчө жакын болчу. Куса болуп жүрөт. Зоянын чоң япон жоолугу бар эле, күндө ошону жамынып жатат. Жубайымдын жасалгаларынын, кийимдеринин жакшысын небереме арнап сактап койдум. Он сегизге чыкканда тапшырам. Калган кийимдерин эже-сиңдилерине таратып бердим. Өткөндө келиним: “Апамдын шкафтын жанында турганы көзүмө көрүнүп кетти”,- дейт. Шкафты ачып карасам бир пальтосу илинген бойдон калган экен..

- Жүрөгүңүздүн жарааты оңой менен карттанбаса керек. Жубайыңызды сагынып, түшүңүздө көрөсүзбү?

- Түшүмө көп кирет. Күндө саат жетиде саатыма коңгуроо коюп туруп куран окуйм. Бир жолу коңгуроону коём деп унутуп калыптырмын. Уктап атып бетимди бирөө сылаганынан чочуп ойгондум. Саатты карасам жети болуптур. Ушундан улам Зоя менин жанымда жүргөндөй. Эки жылдын ичинде мен үчүн кымбат болгон эки аялдан айрылдым. Апам каза болоордо да Зоя ооруп аткан болчу. Акыркы ирет коштошпой калды. Өлөрдүн алдында да “мен апам менен коштошпой калдым, арманым ошол” деди. 

Булак: "Леди кж"

Последние новости