www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун бир тууган агасы Нурлан Зулпукаров 47 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу депутаттын жакындары тастыктады.

Маалым болгондой, Нурлан Зулпукаров 22-январь күнү жүрөк оорусунан улам көз жумуп, сөөгү 23-январда өзү туулуп-өскөн Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылында жерге берилди.

Нурлан Зулпукаров үй-бүлөдө 8 бир туугандын үчүнчүсү. Ал эми өзү 3 уул, бир кыздын атасы болгон.

 NazarNews.kg сайтынын эмгек жамааты Төрөбай Зулпукаровдун бир тууган агасы дүйнө салгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Булак: NazarNews.kg

Последние новости