www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ата баркы менен кыз өтөт, соодагер баркы менен бөз өтөт” деп айтылгандай, атакесинин кадыры менен 25 жашында депутат болгон Бакыт мырзанын идиреги бар экен, учурда өзүнчө партия түзүп Жогорку Кеңеште үнүн өктөм чыгарып, өкмөт мүчөлөрүн сындап, сын айтып калган адаты көп эле кездешет.

Бирок, эмне болгон күндө дагы “бала ата наркын тартпай койбойт” деген кеп бар. Кээ бир жакшы санаалаштары эле “Атасы Эргеш Төрөбаев деле коррупционер болгон, уулу Бакыт мырза андан ашты” деп айтып жатышканы, “душман алыстан келбейт” деген сөздүн аныгын билгизип турбайбы.

Айтайын дегенибиз, Бакыт Эргешович, “акчасы бар” деп эле ар ким менен санаалаш боло бербесеңиз. Дегенибиз, сизди ошолор эле сатып, ошолор эле кеп кылып, сиздин кадырыңызга доо кетирип, абийириңизди ачып бүтмөй болушту. Кээ бир такталбаган маалыматтарга таянсак, “Бакыт Төрөбаев катуу коррупцияга берилип, эл ырыскысына кол салгандардын ана башында турат” деген дагы кулакка жат сөздөр айтылууда. Бул эми канчалык чындык экенин, өзүңүз эле жакшы билет болушуңуз керек.

Анткени, азыркы соттор менен менттер сатылып калган үчүн алардын териштиргени чындыкка коошпогонун эл жакшы билишет. Бирок, сизди биз жакшы түшүнөбүз, “колдон келип турганда, түштүгүңө жорго мин” дегендей, аттын төрөсүн,кыздын сулуусуна жете турган кезиңиз. Ошондо дагы элди ойлоп, алкымды тыйып жем корлукка барбасаңыз экен.

Б.Б.Т.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости