www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечэээ пара алып кармалды деген Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев ток жерде чоңойгон, бирөөнүн жалгыз баласы болчу. Ал пара алып жибере турган деле адам эмес эле. Сыягы, параны ал деп ага жогору жактан тапшырма болгон. Буйрукту аткарам деп кармалган окшойт деген ойду кыйыткандар четтен чыга баштады.
Мындай күмөн саноонун да жөнү бар. Болбосо 520 миң долларды Азимкан Жусубалиев жалгыз аш кылалбаса керек эле. Коррупция менен күрөш чындап башталган болсо, ошол министрликтин баарын тинтип чыгып, коррупциялык схемаларды оодарып түшүп, түп тамырынан бери жулуш керек. Болбосо жалгыз Азимкан Жусубалиевди камадык деген менен маселе чечилбейт. Ал чети эле. Андан да чоң каражатты жымырып алганды адат кылгандар ал жерде көп эле болсо керек.
Министр да калп эле “шок болдум” дебестен билсе билгенин айтышы керек. Антпесе, анын “шок болдум” деген сөзү коомчулукта: "апей, элге билинип калды, эми кантебиз" дегендей эле кабылданып жатат.
Булак: NazarNews.kg