www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда мыйзамсыз тармактык маркетинг түзүп, жарандарды алдап жүргөн аял милиция кызмакерлери тарабынан кармалды. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Чүй ОИИБдин маалыматы боюнча, жабырлануучулардын ичинен алгачкылардан болуп арыз жазган 51 жаштагы Р.А. Токмок шаарынын тургуну. Ал алдамчыга 2018-жылдын башында акча берген. Аны тармактык маркетингге каттап, ай сайын каражат алып турасың деп алдаган. Р.А. жалпысынан 17 миң евро берип, бирок ал акчасын да, кирешесин да көргөн эмес.

Ушул сыяктуу арыздардын негизинде шектүү катары Токмок шаарынын 39 жаштагы тургуну Б.Н. (аял киши) кармалды. Ал жалпысынан ушул сыяктуу 29 фактыга шектелүүдө. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости