www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окуучулардан 1000 сомдон чогулта койом деген министр Купешовдун тилегени таш капты. Окуучуларга керек нерселер эле кымбаттап эсти оодарып турса, анан министр да алка-жакадан алса. 15-сентябрдан баштап жаңы окуу жылы башталат, окуучулардын кубанычы чексиз, базарды көргөн ата-энелердин үшкүрүгү таш жарат. Анткени, пандемия бул жерге да өз изин салган. Мектепке тиешелүү бардык буюм-тайымдардын наркы жогорулаптыр. Буга ушул тармакты жетектеген өкмөт жетекчисинин орун басары Жылдыз Бакашова кандай көз карашта жкени белгисиз. Былтыр 1000 сомдон турган балдардын бут кийими 1200 сом -1300 сомго чыгыптыр. Бантик, галстуктар былтыр 80 сомдон болсо, быйыл 100 сом. Борбордук базарга баргандардын төбө чачы тик турат:

Спорттук кийимдер -1000 сом;

Дептер -5 сом;

24 барактуу калың дептер – 20 сом;

36 барактуу калың дептер – 25 сом;

48 барактуу калың дептер – 35 сом;

96 барактуу калың дептер – 45 сом;

Түстүү карандаш - 90 сом.

Азыр товарлар да «бай-кедей» болушуп, байлар ала турган сапаттуу буюмдар кымбат, кедейлер ала турган товарлар арзан болуп турат:

Ручка -9-50 сомго чейин;

Карандаш -5 -25 сомго чейин;

Түстүү карандаш - 50-350 сомго чейин;

Бойоктор  - 40-250 сомго чейин;

Маркер - 50-350 сомго чейин;

Дептер - 5-6 сомго чейин;

Жалпы дептер – 20 - 70 сомго чейин;

Сабактардын аты түшүрүлгөн дептерлердин тобу (10) – 250-500 сомго чейин;

Күндөлүк - 30-350 сомго чейин;

Пластилин — 60-250 сомго чейин;

Түстүү кагаз— 35-180 сомго чейин;

Сызгыч - 20-150 сомго чейин;

Предметтик китептер - 200-500 сомго чейин;

Сумка – 800 -3500 сомго чейин, былтыркы жылы 500 сомдон башталчу.

Быйылкы окуу жылында эң арзан дегенде 1300 -2000 сомго канцтоварларды алса болот.

Быйылкы жылы Билим жана илим министрлиги мектеп формасына болгон катуу талапты жокко чыгарды. Жок дегенде ушунусуна шүгүр. Азыр үстү жак агыш, алды жак кара кийим болуш керек.

6-9 жашар баланын кийимдеринин баасы:

Көйнөк – 350-700 сом;

Шым - 600 -1200 сом;

Жинсы -700-800 сом;

Кыздардын көйнөгү -400 сомдон өйдө;

Юбка - 500 сомдон өйдө;

Сарафан -600 сомдон өйдө;

Спорттук костюм -1000 -1500 сом;

Бут кийимдер - 900 сомдон өйдө, былтыр 600 сом болгон.

Спорттук бут кийимдер -700-2500 сом.

Бир баланы окууга жөнөтүү үчүн орто эсеп менен 10 миң сом жумшалат. Дагы жакшы мунун үстүнө Купешов талап кылган миң сомду кошсок ата-энелердин көздөрүнөн жаш эмес, кан чыкмак. Аны бийлик тарап алдырып салганы дурус болду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости