www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирус инфекциясына байланыштуу өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал дагы эле курч. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, жаңы жугузуулар азайганы менен коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу жогору бойдон калууда.
«Шайлоого байланыштуу үгүт иштери башталды. Эл көп топтолгон жерлерден оолак болуп, маска тагынып, антисептиктерди колдонууну эскертебиз», — дейт Нурболот Үсөнбаев.
Министрдин орун басарынын айтымында, учурда ооруканада 1 миң 948 адам дарыланууда. Алардын ичинен 516 бейтаптын абалы оор, 86 өтө оор.
Булак: NazarNews.kg