www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Таңшы комуз” аттуу ыры ар бир кыргыздын жүрөгүнөн түнөк таап, өзгөчө үнү менен таанылган Минюра Рахимжанова Кремлде ырдайт. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаган.

«Жайында Крымга барып маэстро Сергей Жилиндин колунан окуп келгем. Эми анын чакыруусу менен концертке катышам. «Таврида» Сергей Жилиндин джаз мектебинин аткаруучулар тобунда мен дагы бармын» дейт ал.

Буга чейин  ал “инстаграмм” баракчасына  “Жашоомдо эң биринчи максатым бул-кыргыз музыкасын дүйнөгө таанытып, жер кыдырып, саякаттасам дейм”, - деп жазган.

Ырчынын  айтымында, 11-декабрда Москва “ХХ кылымдын легендарлуу мелодиясы” аттуу концерт өтөт. Аталган концертте Минюра Рахимжанова дагы өз таланттын тартуулайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости