www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Туура бир жыл мурун Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Окуя боюнча ошол учурдагы Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон болчу.

Кылмышка шектелип Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында отурат. Калыков өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай, анын жакындары, бир туугандары дагы дал ушул версияны карманып келишет. Жада калса алар өлкөнүн Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовдун дагы күбө катары суралышын талап кылгандыгы менен ал талап аткарыла элек. Жалпысынан тергөө ишинде 60 га жакын күбө суралган.

Бул резонасттуу иш боюнча, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, коомдук ишмер Эмиль Каптагаев Фейсбуктагы баракчасына төмөндөгүчө оюн калтырган.

-Менин оюмча бул иште каза болгон Анарбай Мамажакыповдун туугандары тиги бечара Калыковдун жазаланышын ачууга алдырып талап кыла бербей, тетирисинче тергөөнүн тыкан болуусун, кылмыш иши толук ачылышын, кылмышкерлер так аныкталуусун талап кылганы Кудай алдында дагы, өздөрүнүн ыйманы алдында дагы туура болмок. Иштин тумандап турганына караганда прокурор жөн эле өлтүрүлгөн эмес, артында чоң маселе бар...

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости