www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Эмне себептен Атамбаевдин камалышын да талап кылып жатасыздар?

- Талап кылганыбыздын себеби, Атамбаевдин коррупциялык иштери далилденсе деле боштондукта жүрөт. Анын боштондукта жүрүшүнүн өзү мыйзамсыз. Себеби, эл көрүп турат. Мына Текебаев өзүңөр билгендей, Атамбаевдин катыштыгы бар кылмыш иштерин далилдөөгө белсенгенде камалган. Бул эми саясый буюртма экени белгилүү. Мыйзамды бузгандыгы үчүн камалсын. Ошол убакта бул кишинин аброюна шек келтирген адамдар миллиондогон сомго айыпка жыгылып жатпадыбы.

- Ошол эле А.Сегизбаев, И.Жолдубаевалардын камалуусун талап кылган ураандарды көрүп жатабыз?

- Алмазбек Атамбаевдин маалында, булар чечүүчү кызматтарда отурган адамдар. Эң ириде ушулар камалышы керек эле. Биз “Текебаев, Жапаров, Чотоновго эркиндик жана Атамбаев, Сегизбаев, Жолдубаевалар мыйзам чегинде жазасын алсын”- деп бийликтен талап кылып чыктык.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости