www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Үй-бүлө – адамдын баалуу мурасы”
Үй-бүлө – ата-энелер, балдар, чоң апа-чоң аталар – бул адамдын табылгыс байлыгы! Улуулар тарбия берүү менен маданият, тажрыйба жана билими менен бөлүшүшөт. Биздин да максатыбыз – өзүбүздүн балдарыбызга алардын жашоо турмушуна керектүү насааттарды жана улуттук баалууктарыбыз менен бөлүшүү.
“Азыркы учурда балдар ар кандай гаджеттер менен убакытын өткөрүү менен таза абада, ден соолугуна пайдалуу оюндарды унутушууда. Ошондой эле ата-энелер, жумушка көбүрөөк убакыт бөлгөндө балдар менен карым-катнашы начарлап калган учурлар аз эмес. Кээ бир убакытта муундар арасында байланыш үзүлүп калган: чоң апа-аталар неберелери менен аз көрүшүп же өз балдарына аз убакыт бөлүшүшөт”, - дейт “Ак Жоолук Ажары” фондунун директору Айжан Орозбаева.
«Ак Жоолук Ажары» коомдук кайрымдуулук аялдар фонду үстүбүздөгү 1-майда «Мурас FEST» муундар фестивалын өткөрүүнү пландоодо. Муну менен фонд, үй-бүлөлөрдү жылуу атмосферада чогултуп, аларга жакшы маанай тартулоо менен бирге улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана карым-катнашты жакшыртуу максатын коздойт.
Фестиваль учурунда көптөгөн оюндар, мастер-класстар өтүлөт жана ар бир конок: уул-атасы, кыз-энеси өздөрүн сынап баалуу белектерге ээ болушат. Кичинекей бөбөктөр үчүн кызыктуу улуттук оюндар, батут, бал муздак жана шоу-программа уюштурулат. Айымдар жана мырзалар да оюндарга жана атайын тренингьтерге катышып бактылуу үй-бүлөнүн сырларын биле алышат.
Эң мыкты форма менен келген үй-бүлөгө жаңы холодильник белеке берилет!
Ошондой эле фестиваль учурунда «Аялзат атындагы Планета» аттуу долбоорубуздун алгакында окуп жаткан үй-бүлөлүк психология боюнча тренерлерге сертификат тапшыруу аземи болот. Долбоордун максаты, жаш кыз-келиндерге этнопсихология жана этнопедагогика негизинде атайын даярдалган тренерлер аркылуу үй-бүлөлүк баалуулуктар, бала тарбиялоо боюнча маалымат берүү.