www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Улуу Журт» партиясынын лидери Мирлан Орозбаев инибиз кадимки эле темир торлору алынган Жогорку Кеңештин депутаттары отура турган Ак үй алдында он чакты санаалаштары менен тынчтык митингине чыгышты. Эң негизги максаты - «Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутаттары кетсин!» деген ураан менен.
- Мирлан, «Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутаттары кетсин!» деп жатасың, а эмнеге андай көз караштасың?
- Кыргыздардын жүргүзүп жаткан саясатына чет элдиктер эле эмес, өлкөдө жашап жаткан карапайым эл да түшүнбөй баратат. Жакшы суроо бердиңиз, буга бир эле жообум бар. Алардын парламентте отурганга моралдык укугу жок жана булардын ишмердүүлүктөрүн улантуу- коомчулук үчүн коркунуч жаратууда. Себеби эмнеде? Ар бир депутат эл өкүлү катары саналарын билебиз, Демек, элдин гана кызыкчылыгын ойлоп мыйзам чыгаруусу абзел. Азыр болсо андайды таптакыр байкаганыбыз жок.
- Бул жерде бир мандем барбы?
- Чоң мандем жатат. Анткени, 6-чакырылыштын депутаттары мурунку бийлик менен камыр-жумур иштешип, «табакташ» болуп, ашты бөлө жеп калышкан. Анан бул кылган күнөөлөрү үчүн «колго түшкөн коёндой» болуп коркуп, «азыркы бийлик иш козгоп жибербесин...» деп ошол эле учурда жаңы бийликке тилдери кыска болуп, «хоп, майли!» деп отурушат. Аны байкап
калган жаңы бийлик каалагандай мыйзамдарды өткөртүп атканы айдан-ачык көрүнүп калды. «Жогору» жактан эмне гана мыйзам болбосун жактап, колдоп, «яам» дебестен кол коюп берип жатышат.
- Бу жолку президенттик шайлоо кандай өңүттө өтөт деп ойлойсуң?
- Кандай өңүттө болмок эле? Баягы эле эски жолдор менен. Админресурс болбосо да мурунку шайлоону өткөрүп, шымалана билекти түрө жүргөн шылуундардын кыймыл аракеттери азырттан эле байкалып, ошолордун аркасында өтөрүнө элдин көзү жетип калды.
- Биз кепти парламенттик шайлоо менен баштадык эле, ошол парламенттик шайлоо менен аяктайлы. Биздин мамлекет бир мандаттуу парламенттик шайлоого барчудай өңдөнүп жаткансыйт. Ушунун күнгөй-тескейине токтоло кетсең?
- Негизи эле бир мандаттуу парламент биздин кыргыздарга туура келбегенин кээ бир саясатчылар унутуп калган окшойт. Ошол эле Садыр Жапаров канча жолу запкы жеп, соттошуп жатып араң парламентке келген.
- Бул жерде да мандем барбы?
- Ооба, бар. Бул жерде бийлик акимге эле айтып коёт, «тигини өткөзөсүң, муну өткөзбөйсүң» деп. Мындан сырткары, акчасы бар бай, көпөстөргө гана жол ачылат. Биз өткөндөн сабак албай эле, бир эле жерде көкмээ болгон койдой чимирилип жүрө бергени калдык. Алдыга умтулуу, прогрессивдүү жолду тандоо деген бизде жок экен.
- А баса, «Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутаттары кетсин!» деген тынчтык митингиң эртең уланабы же бүттүбү? Митингдин уюштуруучусу катары айта кетсең...
- Аба ырайынын катаал шартына байланыштуу аз сандагы элдер чыгып калды. Биз муну эртең улантабыз. Бир кызыгы, бүгүн парламентке келген депутаттардын санын билдик. 120 депутаттын төрттөн бирине жетпеген депутаттар келиптир. Эртең митингди эртерээк баштайбыз. Канча депутат келгенин бирден санайбыз. Бүгүн 20га жетпегени келиптир, андан көрө таптакыр эле таркап кеткендери оң. Буларды эч ким кармабайт!
Булак: «Азия News» гезити