www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мискенбаев дүжүр "жигитпи"?

Мискенбаев деген алды-артын карабай эле кыйкыра берген Атамбаевдин дүжүрү бар эмеспи. Ай ушул баланы оозго чаап тыйып койо турчу адам жокпу ие? Таластан эң аз добуш алып келгенине карабай, “наглый” болуп депутат болду.

Чү дегенде эле куудулдарга асылып шылдыңга калды. Анан «Апрель баатырлары» болумуш этип, арбактардын артынан акча жасап аны да аш кылып жеп койду. Андан ары Атамбаевдин амири менен "Мегакомго" Алмазбек Абековдун ордуна барып, кеңешчи катары 80 000 сом айлык маянаны келемишчесинен кемирип жүрү. Эми келип алып «Атамбаев кайра саясатка келиши керек!» деп кандекчесинен чарылдап эле үрүп атат…

Атамбаев кайсыл арына саясатка кайтып келиши керек? Бизнес жасайм деп Дача Суулуктарды самолет менен кырып өлтүргөнү үчүнбү? Же Кытайдан миллиарддап карыз алып, аны кумга сепкен суудай пайдасыз жоготуп, Кыргызстанды баш оту менен баткака сайып кеткени үчүнбү? Айткылачы? Кайсыл арына Атамбаев саясатка кайтып келиши керек..?

Тикенек:https://www.facebook.com/Tikeneke/?hc_location=group_dialog

Булак: NazarNews.kg

Последние новости