www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШда видео бөлүшүү сайты Youtubдун борборунда туш келди ок атуу менен 3 кишини жаралап жанын кыйган аял тууралуу маалыматтар ортого чыкты. Кол салуудан мурда полициянын Насим Нажафи Агдамды бир авто паркта тергөөгө алгандыгы билдирилди. Полициядан берилген маалыматта кол салуудан мурунку түнү Youtube борборуна 48 километр алыстыктагы бир авто паркта Агдамдын унаасы аныкталды. Жоголгондор тизмесинде болгондуктан полиция унаага барып Агдам менен сүйлөштү. Маалыматта сүйлөшүүдө Насим Нажафи Агдамдын тынч отургандыгы жана полиция кызматкерлеринин суроолоруна жооп бергендигине орун берилди. Полиция кызматкерлери менен Агдамдын сүйлөшүүсү 20 минутага созулган жана кетишине уруксат берилген.
Сүйлөшүүдөн кийин полиция атасына телефон чалып ал тууралуу маалымат берген. Маалыматта атасынын тынчсыздангандыгы билдирилди. Телефон аркылуу сүйлөшүүдөн 1 сааттан кийин бул жолу атасы полицияга телефон чалган жана кызынын Youtubдан алынган видеолорунан улам капалу экендигин билдирди.
Басма сөздө орун алган кабарларда Агдамдын Youtubдун аны басмырлоо менен видеолорун алып салгандыгы тууралуу маалыматтарга орун берилген болчу.
Булак: "trt.net.tr"