www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн саныбызда генерал Өмүрбек Суваналиев башкы прокурорлукка же УКМК төрагасына дайындалса, президент Сооронбай Жээнбеков айткан 35 коррупционер 100 күндө камалары боюнча жазылган. Дал ушул маалыматтан кийин өлкөдөгү ууру-кески мамлекеттик кызматкерлер, экс-чиновниктер үркүп кетишиптир. Себеби, буга чейин күч органдарында тажрыйбасыз, иштин көзүн билбеген чалагайым жетекчилер иштеп келди да, туурабы? Анан «Комиссар Каттанинин» аты аталганда коомчулукка чындап жакты.

Эске салсак, Суваналиев 1997-98-жыддары Ош облустук КГБсын башкарганы, ошол кездерде алгачкы баш көтөргөн террористгерди кынга киргазип, андан сырткары Тажикстанга өтүп бараткан көп сандаган контрабандалык курал-жарактарды кармаганын  унута элексиңерби?

Баса, 2010-жылы июнь коогалаңында да Ошто башкы колбашчы катары тынчтыкты орнотуп, согуш бүткөндө кызматын тапшырып кеткен. Мындай фактыларды жаза берсек, кагаз бети түт келбейт. Биз эмнеге эскерип атабыз? Аныгында, бүгүн дагы Өмүрбек мырза керек болууда, ал күч органдарынын башына келсе, жеке партиянын же бир ууч саясый топтун кызыкчылыктарынан жогору туруп, мамлекеттин коопсуздугун чындоого чындап киришүү менен коррупция жана кылмыштуулукту тизгиндеп, эл үчүн таза кызмат кылат болчу. Учурда дал ушундай профессионал кадрга муктаж болуп турганыбызды моюнга алышыбыз керек.

Булак: АЗИЯnews

Последние новости