www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиянын Карнатак штатында кызыктай окуя катталып отурат. 11 жаштагы кыздын көзүнөн 60 кумурсканы алып чыккан врачтардын таң калуусуна чек жок. Анан эмей, ушунча курт-кумурска кишинин көзүнө кантип кирип кеткен деген суроо кимди болбосун кызыктырбай койбойт. Кептин бардыгы Ашвини аттуу кичинекей кыздын көзүнүн кычышуусунан башталган. Алгач ал көзү катуу ооруп жатканын ата-энесине айткан. Алар Белтангади шаарынан анча алыс эмес кыштакта жашашат. Ашвини ата-энесинин айтуусу боюнча көзүн жуугандан кийин эки кумурска чыккан. Бирок ата-эне буга анча көңүл бурушкан эмес, кумурска кокусунан кирип кетсе керек деп коюшкан. Анткен менен кызынын көзү ооруганы басылбагандыктан эне врачтарга алып барган. Ал жерден кыздын көзүн карап көрүшүп эч нерсе таба албай, көзгө тамызгыч жазып беришет. Качан Ашвини дарыны тамчылата баштаганда көзүнөн күнүгө 5-6 өлгөн кумурскалар чыгып отуруп, алардын саны 60 ка жеткен. Табышмактуу көрүнүш бөлөк көз боюнча адистерди өзүнө тарткан. Бул окулисттер кызды аягына чейин дарыланууну сунуштоо менен көзүнөн кумурсканын кантип чыгып жатканын көрмөйүнчө ишенбестигин билдиришкен.
Ушундай эле окуя Индияда 2016-жылы болуп өткөн. Анда 12 жаштагы Шрей Дариджи аттуу кыздын кулагынан докторлор 100 дөй кумурсканы алып чыгышкан. "Мен ушу убакка чейин медицинанын тарыхынан мындай окуя катталганын окуган эмесмин. Кумурска оорута тиштейт. Мындан кантип кыздын кулагы жабыркаган эмес?" - деп таң кала башын чайкайт доктор Джавахар Талсания.
Булак: Сырдуу дүйнө