www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Спикер Дастан Жумабековдун бир тууган агасы Алмазбек Жумабеков Талас ОИИБ начальнигинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Спикердин дагы бир агасы Сабыр мырза бакандай оорукананы башкарып турат. Ага-инилер бири-бирин сүрөшүп, кызматтык бакытты табышканында кеп жок!

Эске сала кетсек, Өмүрбек Бабановдун саясаттан садага чабылганы менен Жумабековдордун бактысы ачылганын баары эле түшүнүп турушат. (Тилекке каршы, булар президенттик шайлоодо Таластан Сооронбай Жээнбеков үчүн жарытылуу добуш ала алышпаганы белгилүү.)

Биздин маалыматтар боюнча, жакында көпчүлүк коалициясы тарап, спикерлик орунга Иса Өмүркулов шайланары болжонууда. Дастан Жумабеков ЖКтөрагасы катары эл аралык алкакта өзүн көрсөтө албаганы, Россия Думасы менен иштееше албай койгону да кеп болуп, ошол себептен да ээрден шыпырыла турганы ыраспы? Негизи Дастан мьфзанын деңгээли депутатгыкка араң жараса керек го? Кичине амбицияны да тыя жүргөн шүгүрчүлүк эмеспи.

Акын БЕКЧОРОЕВ

Булак: АЗИЯnews

Последние новости