www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Турсунбек мырза, КСДП съездинен кеп салсаң?..
- Бу жерде журналисттерди катыштырбай, жабык эшик артында өтүптүр. Президентке карата сын пикир айтылганынан кабарыбыз бар. Мейли, айтылсын, анысына да каршы эмесмин. Бирок...
- Эмне бирок?
- Баарын тең жабык эшик артында сүйлөшөрүн сүйлөшүп алышып, жабык бойдон калтырбай, кайрадан журналистгерге мурунку ажобуз пресс-конференция берип, азыркы президентги күнөөлөгөнсүп, жамандагансып кереги бар беле? Менин оюмча кереги жок болчу. Ошол эле учурда Сооронбай Шарипович «былк» этпестен, актануу амалын кылып, коомчулукка чыккан жок да, бийиктигинен кабар берип. Бу жагынан өзүнүн терендигин, жеңил ойлуу эместигин көрсөттү, беркиге окшоп эмоцияга алдырып, аркы-беркини айткан жок.
- Марс Сариев «Атамбаевдин командасы күчтүү болуп атат» дегенин уккансыңбы, ал эмнеге антип айтып атат болду экен?
- Ооба, Марс Сариев деген серепчи сөрөй бар. Ал «Азыркы Сооронбай Шариповичтин командасына караганда, Алмазбек Шаршеновичтин командасы күчтүү болуп атат» деп айткан, аны уккам. Чынында эле азыркы учурда иштеп аткандардын баардыгы Атамбаевдин тушундагылар. Бирөө да кеткен жок, кетирген да жок. Баардыгы иштеп атат. Анан эксперт сөрөйлөр «аныкы күчтүү экен, мунуку алсыз болуп атат» деп эки ортого жарака кетирбеш керек, шынаа кагып эмне пайда табат ыя? Андан көрө кыргыз элин ынтымакка чакыра турган сөз айтпайбы.
- Партиянын съездинде бизди, журналисттерди киргизбей койду, ушу туурабы?
- Бул дооматың абдан туура. Кимдин, кайсы гана партиянын съезди болбосун журналисттер кирип, болгонун болгондой чагылдырып, коомчулукка жеткирүүсү абзел эле. Демократия коомунда баардыгы ачыктан-ачык болуусу шарт.
- Партия мүчөлөрүАсылбекЖээнбеков менен Искендер Матраимовдорду чакырбай, катышпай калганына эмне дейт элең?
- Туура эмес болуп калды. Бу эки инсан партиянын түптөлүшүнө, өнүгүп-өсүшүнө салым кошкон инсандар. Өзгөчө Асылбек партиянын кыйын учурунда ылдыйда өбөк, өйдөдө жөлөк, Атамбаевге колуна кол, бутуна бут болуп бергендердин бири эле. Анан аны чакырбай койгонун эп көрбөй турам.
- Асылбек тууралуу Атамбаев «мандатын тапшырсын» дегендей да кеп айтты, жөн айткан жок көрүнөт?
- Бу жерде Бакиевдердикине салыштырып, ошолордой болуп кетпесе экен» деп айткан чыгар. Чын-чынына келгенде Жээнбековдордун артынан андай сөз ээрчиген эмес, андай жаман ишке барышканын укпаптырмын, укпай эле коёюн.
- Сөздү апа качпай түз айтсаң, Асылбек мандатын тапшырсынбы же тапшырбай эле койсунбу?
- Асылбек тапшыра турган болсо, биринчиден, Кара-Кулжага барып эли-журту менен кеңешсин. Анткени анын артында калың эли турат. Ошолор шайлаган. Эгер алар уруксат берип, жүйөлүү кептерин айтып, «тапшыр» десе тапшырат да. Экинчиден, эки жолу спикер болду, жаман иштеген жок. Парламенттеги ынтымакты кармап турду. Анан «Мискенбаев айтты., Сискенбаев айтты» деп эле тапшыра кой-гон туура эмес...
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ
Булак: АЗИЯnews