www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-февралда Ат-Башы районунда логистикалык борбордун курулушун кытайлык компаниялар жүргүзүшүнө каршы митинг өттү. Жыйынга келгендер Ат-Башыдагы логистикалык борбордун  курулушуна каршы экендигин айтып тарашты.  

Эске сала кетсек ушул тапка чейин Өкмөт жергиликтүү тургундарга логистикалык борбор тууралуу эч кандай расмий документ көрсөтө алган эмес. Жыйындын катышуучулары, “49 жылга логистикалык борборго берилген 200 гектар жер айыл өкмөттүн балансына кайтарылып берилиши керек. Биз логистикалык борбордун курулушуна каршыбыз. 200 гектар эмес, 2 см жер дагы сатылбайт. Бийлик, убагында чара көрбөсө 2-мартта кайра митингге чыгабыз” деп билдирди.

Митингге катышкандар райондун акими Жакыпбек Субакожоевдин сөзүн уккан жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости