www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламенттик шайлоолор, бийликтин ага мамилеси, саясий партиялардын жүрүштөрү, өкмөттүн сынга кабылып, каршы атакалардын башталышы, жаштар проблемасы ар бирибизди кыжаалат кылып келет. Шайлоолор жакындаган сайын бул маселелер өзгөчө курчуп жатат. Коомубуздагы актуалдуу маселелердин тегерегинде гезитибиздин эксперти, саясат талдоочу Табылды Акеров менен сареп салуубузду улантабыз.
— Табылды мырза, парламенттик шайлоолорго карата саясатчылардын шаштысы кетип жатат. Саясий партиялардын алды шайлоолорго карата ишти баштап коюшту. Бардыгы эле жаштарга көңүл бөлүш керек экендигин айтып жатышат. Бизге кандай парламент керек? Жаштар келсе коомду өзгөртөт, элдин турмушу оңолот деп айтсак болобу?
— Чынын айтсам, парламенттик шайлоолорго көпчүлүк партиялар катыша тургандыгын жарыялай элек. Айрымдары али күтүү режиминде. Убакыт бар, чабал өрдөк эрте учат болбойлу деп күтүп жатышат. Айрымдары акча маселесин чечип алуу менен алек. Бирок, бул анчейин чоң проблема эмес. Шайлоолорго жакын көп партиялар катыша тургандыгын билдиришет. Анткен менен бул шайлоого даярдыктардын мурдагыдан бир аз өзгөчөлүгү бар. Саясатчылар жаштарга өзгөчө көңүл буруп жатканын көрсөк болот. Калп да болсо парламентке жаштар келиши керек деп айтылып жатат. Ошол эле учурда ЖК шайлоолорго байланыштуу «Саясий партиялар» жөнүндөгү жана башка мыйзамдарды өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө шашылбай жатат. Былтыр жазда Президент С. Жээнбеков парламентке барып, шайлоолорго байланыштуу мыйзамдарга, анын ичинде «Саясий партиялар» жөнүндөгү мыйзамга да өзгөртүүлөрдү киргизип бергиле, өзгөчө идеологиялык партияларга көңүл бургула деди эле. ЖК али үн катпай олтурат.
— Демек, саясатчылар «жаштар» дегени менен иш жүзүндө баары теңирден тескери экен да. Жаңы парламентке кайра эле ушул курам келип калуу мүмкүнчүлүгү бар деңизчи?
— Саясатчылар жаштарды тартабыз, жаштар келсин деп айта берет. Жаштар кантип келет? Ал үчүн эски саясатчылар өзүлөрү жаштарга орун бошотуп, чоң саясаттан кетиши керек да. Ким кетет? Эч ким кетпейт. Ошондуктан, жаштар саясатка тайманбай кирип, өз жолдорун чабышы керек. Өзүлөрүн коомчулукка тааныштырып, көргөзүп, саясат менен коркпой алектениши зарыл. Ошентип парламентке келген жаштар гана эл үчүн иштейт. Атамбаевди эле алалы, парламентке 4–5 ай калганда КСДПга клон кылып, «Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан», «Бирбол» партияларын түздүрүп, жаштарды алып келди, парламентти жаңыртты. Эмне болду? Атамбаев өзү бул парламент эч нерсеге жарабаган «чимкирик» деп атады. Себеби, А. Атамбаев парламентке клон партияларды алып келип алып, өзү Кыргызстанды резиденциядагы достору салып берген аксарайына жатып алып башкарам деп ойлогон. Кыялындагы иштерге даярданган. Бирок, анын мөөнөтү бүтөөрү менен ой-тилектери кыялында эле калды. Ал эми парламент өлүк жанга айланды. Эч нерсеге реакция бербейт.
— Парламенттин көпчүлүгүн жаштар түзсө, өз алдынча кыймылдап, эл үчүн аракеттенүүгө кудурети жетпейби? Же бийликке келгенден кийин баары тили жок дудукка айланып калышабы?
— Жаштар парламентке кандай статуста, кайсы партиянын тизмесинде келип жатат, маселенин баары ошондо. Өлкөдөгү партиялардын дээрлик көбү өзүнүн идеологиясы жок, кландык, региондук партиялар. Атамбаев КСДПга клон партияларды түзүп жатып, алардын тизмесине кирген депутаттарды өзүнүн кызыкчылыгы үчүн иштетүүгө алып келген. Бул партиялардын баары Атамбаев жана анын кланына, тегерегине иштеди. Илмияновду угуп, ага жүгүнүп кирип, жүгүнүп чыгып жатышат деп жазып жүрбөдүңөрбү. Атамбаев жана анын кланы аларды каалагандай калчашты. Өлкөнүн экономикасы, кен байлыктары, гранттар, кредиттер парламенттин көзөмөлүсүз калып, баары таланып тонолду. Акырында, Кудай бар экен ТЭЦ аварияга учурап, булардын жүзү ачыкталып, бүгүн камакта олтурушат. ТЭЦ авария болбогондо, азыр эч нерсе билинбей калышы мүмкүн болчу да. Партиялардын баары кландык, регионалдык болуп калыптанып, элди кокту колотко, түндүк-түштүккө бөлүп жарган мүнөздө. Ар бир партия тиги же бул кландын менчиги жана ошол кланга иштейт. Ошол кландын бийликке келишин жана анын байуусун камсыздайт. Ушундай партиялар менен жаштарды парламентке алып келген менен коом, мамлекет үчүн эч кандай пайда жок. Азыркы партияларга кирген ар бир жаш саясатчы ошол партиянын клан башчысынын кулу болуп калып жатпайбы. Президент Жээнбеков мунун алдын алуу үчүн былтыр жазда парламентке барып, ЖКдан «Саясий партиялар» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизип, идеологиялык партияларга өзгөчө көңүл бургула деп өтүнүп жатпайбы. Бирок, партиялардын лидерлери өз кландык кызыкчылыктарын элдик кызыкчылыктан жогору коюп, президенттин өтүнүчүн аткарууну кечеңдетип жатышат.
— Кечээ эле «Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкулов биринчи маегин берип, бул партия «демоктиялык социализм» идеясындагы партия экенин билдирди. Кыргызстанда 400гө чукул партиядан канчасынын өз идеологиясы бар?
— Дүйнөдө 7–8 эле саясий партиялардын идеологиялары туура багытта деп таанылган. Алар социалисттик, коммунисттик, демократиялык, республикачыл, улутчул, либералдык, консерватордук, агрардык, жашылдар. Кыргызстанда 30 жыл аралыгында классикалык партиялар түзүлгөн. Ар биринин өз идеологиясы бар болчу. Мисалы, Кыргызстан коммунисттик партиясы, «Ата-Мекен» социалисттик партиясы, КСДП, «КДК», «Жашылдар», «Таза коом» республикачыл партиясы, Агрардык партиясы, «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясы, “Ар-Намыс» прогрессивдуу консерваторлор партиясы. Кечээ жакында КЛДП түзүлдү. Калгандарынын идеологиясы жок. Бирок, булардын көпчүлүгүнүн лидерлери же негизги түптөөчүлөрү карып калды. Айрымдары кайтыш болуп калып, иш алдыга жылбай жатат. Анан калса, олигархтар саясий аренаны ээлеп алып, кландык, регионалдык партияларга өлкөнү толтуруп салды. Биз идеологиялык партияларга өтмөйүнчө коомго жана мамлекетке жардам бере албайбыз, элдин турмушун оңдой албайбыз. Бул жолго бармайынча парламентке келген жаштардын баары кландык, регионалдык идеологияга сугарылып, бөлүнүп –жарылуу идеологиясына дуушар болушуп, өлкөнүн коопсуздугуна, кыргыз элинин биримдигине шек келтириле бермекчи. Бүгүн саясий элитага күчтүү саясий эрк керек. Президент С. Жээнбеков реформалык жаңы кадамдарга дайын экенин көрүп турабыз. Былтыр сентябрда президент С. Жээнбеков мамлекеттик тил проблемаларынын тегерегинде эң мыкты билдирүүлөрдү жасады, чоң кадамга барды. Бул жолу да ошондой чоң кадам ташталса, өлкөнүн тарыхындагы чоң бурулуш, тарыхый окуя катары бааланып калмак эле. Ошого парламенттик шайлоолорго чейин бүгүнкү саясий элита ойлонуп, туура чечимге келиши зарыл. Президент С. Жээнбековдун демилгелерин колдоп, парламент эски бай-манаптардан калган, элди бөлүп жарган терс, уруучулук, жердешчилик идеологияларынан арылуу жолуна багыт алып, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип бериши керек деп ойлойм.
— Сиз идеологиясы бар деп эсептеп жаткан КСДП мамлекетке төңкөрүш жасаганга аракет кылган партия катары таанылып калды. Келечеги кандай болот?
— Чынын айтсам, КСДПны буга чейин Октябрь революциясын ишке ашырган Ленин башында турган РСДПнын Кыргызстандагы бөлүгү катары таанытууга аракеттер болду. Бул туура эмес болгон. Себеби, РСДПнын мураскери Кыргызстан коммунисттик партиясы экенин баарыбыз билебиз. Ошондуктан, бүгүн КСДП өзүнүн атын которуп, Социал-Туран партиясынын мураскери катары кайра жаралса болот деп ойлойм. Ушундай жол менен биригип алганы оң. Ошондой эле «Асаба» жана «Ата Журт» партиялары биригишип, «Алаш-Ордо» партиясынын мураскери катары кайра жаралса, бир эле бизге эмес, Борбордук Азиядагы саясат үчүн да туура кадам болмок. Коңшуларыбыз бул партияларды эбак эле жандандырып алышкан. Ошондо эле Кыргызстанда 9 идеологиялык партия болуп жатпайбы. Башкача айтканда баардык активдүү саясатчылар батып кетчүдөй мүмкүнчүлүк болуп жатат. Шайлоолорго 9 эле партия катышып, туруктуулук да сакталмак. Мен кыргыз коомчулугу элди бөлүп жарган уруучулдук, регионалдык идеологиялардан арылып, цивилизациялуу жол менен өнүгүшү керек деп ойлойм.
— Айрым депутаттар өкмөткө карата сын айтып, сынчы көбөйдү. Өкмөт туруштук бере алабы же кызматтан чегинип, тарап кетеби?
— Депутаттардын сындарына чоң маани берүүнүн кажети жок. Себеби, булар парламенттик шайлоолордун алдында элге көрүнүп калуу үчүн ар кандай мүнөздөгү билдирүүлөрдү жасай беришет. Айрымдары ар-намыска шек келтирген да билдирүүлөрдү билип-билбей уруп коюп жатышпайбы. Өкмөт демилгечилдигин жоготпой, ишти алдыга жылдырып кете бериши керек да. Бул абалда өкмөт бардык сынга көтөрүмдүү болушу кажет. Себеби, азыр депутаттар айласын таппай турган чак. Жоо каптап келатканда жалгыз калып, саадагында огу жок, дарманы куруп турган күм-жам болоору көзүнө көрүнгөн калмактын нөкөрүндөй эле абалда. Сындап жаткан депутаттын канчасы кайра келет, бир Алланын өзү билет.
— Өткөн жылдагы эң бир терс окуялардын бири Атамбаевдин камакка алынышы болду окшойт. Сиз дагы Атамбаев тууралуу көп талдоолорду жаздыңыз. Мурунку президентте өзүнүн ак экенин далилдөө мүмкүнчүлүгү барбы?
— Атамбаевдин бүгүнкү абалы өтө өкүнүчтүү. Ал өз жоругу менен кыргыз элин, Кыргызстанды дүйнөгө уят кылды. Мен Атамбаев өзүнөн өзү ар кимге атырылып, ар ким менен каршылаша баштагандан баштап көп жаздым. Атамбаевди анын тегереги алдап, пайдаланганы жатышат, аны эптеп чоң саясатка алып келишип, өз кызыкчылыктарында аракеттенишип, кайрадан парламентке депутат болушуп, мурдагыдай чардаган турмушун өткөргүлөрү келип жатышат дегем. Мына, акыры каматып тынышты. Бирок, күнөөнүн баары Атамбаевдин өзүндө да. Ал өлкөдөгү саясий абалдын өзгөрүп жатканын так баамдап, туура чечим кабыл алыш керек болчу. Андай кылмак түгүл, тескерисинче азыркы бийликти жаманатты кылууга өтүп алды. Өзүнүн интригалуу оюнуна С. Жээнбековду эптеп кошуп алуу үчүн Р. Матраимов менен жердеш кылып көрсөтүп, Бакиевдердин мезгили өлкөгө кайтып келди деген пикирди калыптандырууну көздөп жатты. Андан да жакшы жыйынтык чыкпай турган болгондо, кытайлык уйгур бизнесмени Абдукадырды ойлоп тапты. Бирок, кийин Атамбаев өзүнүн «Форум» ишканасын сатты деген 26 жаштагы кытайлык уйгур жигит Сибухи Пархати кармалып, суралгандан кийин баары ачыкталып калбадыбы. Көрсө, Атамбаев өзүнүн «Форумун» ага сатпай эле, С. Пархатинин атасы менен сүйлөшүп алып, анын уулуна өз мүлктөрүн жана байлыгын каттатып койгон экен. «Форумдун» имараты эле эмес, жеке менчигиндеги Бишкекте курган Мечиттин жер участкасы, Ысык-Көлдөгү пансионатынын участкасы, жада калса кен иштетүүчү «Хуасин» компаниясынын 50% акциясын жаздырып койгондугу аныкталды. С. Пархати суракта атасы айтканынан эле макул болуп, кол коюп койгонун айткан. «Менин да, атамдын да анча байлыгыбыз жок. Атамбаев атам экөөбүздү уят кылды” деп билдирди тергөөдө. Бул маалыматтын баары КТРК иликтеген материал аркылуу коомчулукка белгилуу болуп олтурат. Атамбаев өзүнүн президенттик мөөнөт мезгилиндеги мыйзамсыз иштери ачыкталып калбасын деп ар кандай интригаларды уюштуруп, өлкөдөгү стабилдүүлүктү бузуп, амалкөйлүк менен кутулууну көздөсө керек. Алты жыл өлкөнү башкарып, анан кайра чоң саясатка келиш үчүн бийликти басып алам деген шек менен камалып жатышы, өтө уят эле нерсе. Эми Атамбаев жана анын тегереги сот аркылуу гана өзүлөрүн КР Конституциясына жана мыйзамдарына каршы аракет кылбагандыктарын далилдеп алуулары керек.
Темирлан Токтоболотов
Булак: “Жаңы ордо”