www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Нелегал-ЖККУ-2026» операциясынын алкагында Ысык-Көл облусунда миграциялык мыйзамдарды бузган 36 адам аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-3-июнь күндөрү чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 32 объект, ошондой эле 5 өлкөдөн келген 768 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилди.

Натыйжада Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 36 чет өлкөлүк жаран аныкталды. Ал эми мыйзам бузуулар боюнча жалпысынан 64 административдик протокол түзүлдү. Укук бузуучуларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айып пулдар салынды.

Учурда аларды өлкө аймагынан чыгаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

"Жүргүзүлүп жаткан иштер улуттук коопсуздукту камсыз кылууга, коомдук тартипти сактоого жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүүгө багытталган.

Өлкөгө кирүү, өлкөдө болуу, каттоодон өтүү эрежелерин бузуу, ошондой эле тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет. Бул жоопкерчилик өлкө аймагынан чыгарууга жана андан ары өлкөгө кирүүгө чектөө коюуга чейин жетиши мүмкүн.

Чет өлкөлүк жарандар, жумуш берүүчүлөр жана кабыл алуучу тараптар Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын так сактоого милдеттүү", - деп айтылат маалыматта.

Последние новости