www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда мамлекет чукул кырдаалдарда же согуштук шартта интернетти чектөөгө же өчүрүүгө укуктуу болот. Бул тууралуу 4-июнда Жогорку Кеңеште Санарип кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралып жатканда белгилүү болду.

Депутат Кубанычбек Самаков эгер интернет жана байланыш өчүрүлсө, андай шартта элди коопсуз жакка эвакуациялоо кандай жүргүзүлөрүнө кызыкты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев ага бул багытта керектүү программалар жана механизмдер иштелип чыккан деген жооп кайтарды.

Анын сөзүнө караганда, согуш шартында же чукул кырдаалдарда атайын жабык каналдар гана тиешелүү органдардын уруксаты менен колдонулат.

Эрбаев бул маселе парламенттин мурдагы чакырылышында да көтөрүлгөнүн белгиледи:

"Буга чейинки чек ара жаңжалында көрдүңөр, телефон көтөргөн элдин баары оператор болуп кетишти. Биздин куралдуу күчтөрдүн, ички иштер органдарынын аракеттерин, ордун интернетте чагылдырып, туура эмес жагдай болуп кетти. Интернетте тараган маалыматтар коркунучка кептеген учурлар болду".

Эрбаев ар бир райондо жана айыл өкмөтүндө мобилизациялык даярдык системасы каралган, облустук деңгээлде аймактык ыкчам штабдар, ошондой эле республикалык ыкчам штаб иштей турганын айтты.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш депутаттары көпчүлүк добуш менен Санарип кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун 2-3-окуудан кабыл алып беришти.

Последние новости