www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда Кыргызстандын 34 жаштагы жараны Эрмек Сабыржанов “Фетхуллачы террордук уюм” (ФЕТО) менен байланышы бар деген шек менен кармалды.

Маалыматка караганда, ал 22-майда суракка алынып, 23-майда Анкарадагы “Эсенбога” эл аралык аэропортунда жубайы жана үч баласы менен Түркиядан чыгып бара жаткан учурда кармалган. Учурда ал Анкарадагы абакта кармалып турат.

Адвокатынын билдиришинче, иш боюнча так айыптоолор азырынча толук айтылган эмес, бирок маалыматтар Түркиядагы Кыргызстандын элчилигине берилген.

Эрмек Сабыржанов 2014-жылдары Түркиянын Измир шаарында билим алган.

2016-жылдагы Түркиядагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин бийлик ФЕТОну “террордук уюм” деп жарыялап, анын тарапкерлерине каршы ири масштабдагы иликтөөлөрдү жүргүзүп келет.

Последние новости