www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлү Наталья Гладкова баңгизат каражаттарын издөө боюнча өткөн эл аралык чемпионатта күмүш байгеге ээ болду.
Мелдеш 25–29-май күндөрү Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын Кинологиялык борборунда өтүп, бажы кызматынын генерал-майору Е.Н. Чухаревдин элесине арналды. Иш-чара Федералдык бажы кызматынын 35 жылдыгына карата уюштурулган.
Чемпионатка бир катар мамлекеттердин бажы жана укук коргоо органдарынын кинологдору катышкан. Эл аралык эсепте Россиянын ИИМинин, Беларусь Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү кызматтык иттери менен күч сынашты.
«Баңгизат каражаттарын издөө» дисциплинасы боюнча Кыргызстандын атынан катышкан Мамлекеттик бажы кызматынын Адистештирилген окутуу бажысынын улук инспектору Наталья Гладкова Фрея аттуу кызматтык ити менен экинчи орунду ээледи.
Мамлекеттик бажы кызматынан белгилешкендей, бул жетишкендик кинологиялык бөлүмдөрдүн даярдыгынын жогорку деңгээлин жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөштө кызматтык иттердин натыйжалуу колдонулуп жатканын дагы бир жолу далилдейт.