www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
3-4-июнь күндөрү Чүй облусунун аймагында «Бандит» аталышындагы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан милиция бөлүмдөрүнө 43 жаран жеткирилип, алар менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
"Аталган иш-чаралар кылмыштуу аракеттерди аныктоо жана алдын алуу, тергөө жана сот органдарынан жашырынып жүргөн адамдарды издөө иштерин күчөтүү, ошондой эле мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды жана ок-дарыларды табуу жана алуу максатында өткөрүлдү.
Мындай профилактикалык иш-чаралар туруктуу негизде өткөрүлүп, коомдук коопсуздукту, укук тартибин камсыздоого жана жарандарды кылмыштуу аракеттерден коргоого багытталган", - деп айтылат маалыматта.