www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алыш боюнча дүйнө чемпиону Элдияр Сексенбаев менен NazarNews маалымат агенттиги маек курду.

Элдияр Сексенбаев Абдивалиевич 1997-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Кара-дарыя айылында туулган.  Үй-бүлөөдө  4 бир тууган,  3 уул  1 кыз. Элдияр эң кенжеси. Ата-энеси Кара-дарыя айылында турушат. Салмагы 74 кг. бою         1.74 см.

-Өткөн жылы дүйнө чемпиону болдуңуз, чемпион болгондон кийинки сезимдериңиз кандай болду?

-Ден соолуктун баарын убакыттын баарын спортко арнап, ушул ийгиликтерге жетип олтурабыз. Албетте, кудайдын буйругу менен жетиштик. Бала кезимден Кыргызстандын желегин дүйнөгө таанытсам деп ойлогон ой максатыма жеттим. Албетте  желегибиз желбирегенде  мендеги бактылуулукту элестете албаса керек эч бир адам.

-Учурда жеке  жашооңузда кандай жаңылыктар болуп жатат?

-Спорттогу жашоомдо эң чоң жаңылык 2019-жыл кирешелүү жылдардан болду.

-Алдыда кандай пландарыңыз бар?

-Алдыда кудайым буйруса, көптөгөн жерлерде Кыргызстандын желегин бийиктерге көтөрүү жана танытууу.

-Спорттон тышкары эмнеге кызыгасыз, кайсы багыттагы китептерди окуйсуз?

-Спорт жана жаратылышты коргоого кызыгам. Көптү билүү үчүн энциклопедияга жана таарых китептерине кызыгамын.

-Кандай кинолорду  көрөсүз?

-Тарыхый  кинолорду көп көрөм.

-Маегиңизге чоң рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости