www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АТА-ЭНЕСИНЕН КИМДИН ГЕНИ БАЛАСЫНА ӨТӨТ, КИМДИКИ КЫЗЫНА ӨТӨТ? Бул тууралуу Мелис Көчкөновдун макаласы интернетке тарады. Кызыктуу генетика тууралуу маалыматты окурмандарга сунуштайбыз.

1. Атанын жакшы же жаман мүнөзү баласына эч качан өтпөйт.

2. Атасы интелектуалдуу адам болсо да, баласына ген аркылуу өтпөйт деп далилденди. Демек, сиз гений адам болсоңуз, балаңыздын генине бул нерсе таасирин тийгизбейт экен.

3. Атанын интеллекти бир гана кызына жарым-жартылай өтүүсү мүмкүн.

4. Гений аталардын кыздары атасынын 50% акылын өздөрүнө өткөрүп ала алат. Бирок кыздарынын балдарына толук 100% ген аркылуу өтөрү далилденген. Кала берсе бул балдардын аталары жеткен акмак адам болсо да, таятасын тартып кете алышат.

5. А эркек бала интелекти бир гана апасынан гана ала алат. Анткени апасы өзүнүн атасынан өткөн интелектти өз балдарына мурас кылышат.

6. Ошондуктан аябай гениалдуу жана аябай акмак аял деген нерсе жок. Же жарым-жартылай гениалдуу же жарым-жартылай акмак аял болушу мүмкүн. Бирок 100% гений эркек жана 100% акмак эркектер аябай көп деп айтышат. Мисалы; Бул “поколенияга” бомждар, алкаштар кирет экен. Ал эмт Нобелдин лауреаттыгын көпчүлүгүн эркектер алгандыгындан гений эркектер бул топко кирет дешет

Эркек үчүн:

1. Сенин кызың, сенин акылыңдын жарымын өзүнө өткөрүп алат. Кала берсе сенин эң жаман мүнөзүңдүн да жарым эсесин өзүнө энчилеп ала алат. Ал эми сенин акылдуулугуңду толугу менен кызыңдын балдарына өтөт. Ошондуктан күчтүү туяк калтыргың келсе кыздуу болууну ниет кыла бер.

2. Эгерде балаңдын эмнеге жөндөмдүүлүгүн билгиң келсе, анда аялыңдын атасына көз салып көр. (эгерде ал академик болсо, анда балаң да жакшы кесиптин ээси болууга өбөлгө түзөт).

3. Ал эми сенин акылмандык жөндөмдүүлүгүн, маданиятың, тарбияңдын баары өз апаңдан өткөн. Мындайча айтканда таята тараптан келет.

Аялдар үчүн:

1. Сенин кызың тарбиясы тараптан сага тартышы мүмкүн, бирок  акылдуулугу жана ой-жүгүртүүсүнүн баары атасын тартат. Ал эми анын балдары толугу менен  жолдошуңузга копия болушу толук ыктымал.

2. Ал эми эркек уулуң болсо акылдуулугу тараптан сенин атаңдын копиясы болот. Ошондуктан эркек  балаңарды  туура эмес кылган иши үчүн жемелеп, "АТАҢДЫ ТАРТКАН АКМАК, АТАҢДЫН ЖОЛУН ЖОЛДОГОН" деп жаман сөздөр менен урушкан такыр туура эмес. Анткени генетика боюнча ал сиздин атаңызды көбүрөөк тартары далилденген.

Ошондуктан кыз атасына, эркек апасына тартат деген сөз бекер айтылбаса керек. Кыздуу болсо кылтыйып калган эркектердин кулагына күмүш сырга. Эл көзүнө эркек уулдуу болгондун ордуна, артыңардан силердин гениңерди кайталап турган гени таза аялдан кыздуу болууну көбүрөөк тилек кылгыла!

Мелис Көчкөнөвдун маалыматы интернеттен алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости