www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрь районунун ИИБнын  экстримизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты  козутуу боюнча  шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Октябрь районунун ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Октябрь районунун ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан   Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313 - (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) беренеси менен сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүү катары 1997-жылы туулган Сыдыман (Элмир Сыдыманов) аттуу жаран экендиги аныкталган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында   Октябрь районунун ИИБнын экстримизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү  боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты  козутуу боюнча шектүү 1997-жылы туулган Сыдыман (Элмир Сыдыманов) кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Андан соң, Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости